COVID: акыркы суткада ооругандар Бишкекте көп. Бир адам көз жумду

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгерлер. Архив
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Стационарда коронавирустан 586 бейтап дарыланууда жатат. Бул күнгө чейин аталган илдет 1412 адамдын өмүрүн алып кетти.
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Бишкек шаарында COVID-19дан бир адам каза болсо, өлкө боюнча 76 киши илдетти жуктуруп алды. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.
Ал эми 115 бейтап оорудан айыкты.
"Учурда стационарда 586 адам жатат. Алардын ичинен 170 бейтап оор абалда, 26 киши өтө оор абалда", - деп айтылат Республикалык штабдын маалыматында.
Ал эми амбулатордук дарылануудагы бейтаптардын саны 702 экени кабарланды.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
  • Бишкек - 32;
  • Ош - 3;
  • Чүй облусу – 25;
  • Ош облусу - 3;
  • Талас облусу - 0;
  • Нарын облусу - 1;
  • Ысык-Көл облусу – 8;
  • Жалал-Абад облусу – 4.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
  • Бишкек – 65;
  • Ош шаары – 2;
  • Чүй облусу – 15;
  • Ош облусу – 8;
  • Талас облусу – 0;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 15;
  • Жалал-Абад облусу – 8.
Жаңылыктар түрмөгү
0