Иммунолог грипп менен коронавирустун айырмасын айтып берди

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүДары дармектер. Архив
Дары дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер Ярцеванын айтымында, грипптен айырмаланып, коронавирус инфекциясы адатта адамдын тамагын оорутуп, жабыркатпайт.
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Адам коронавирус инфекциясы менен ооруп калганда гриппке караганда эти узагыраак убакытка чейин ысып жүрөт. Бул турасында RT аллерголог-иммунолог Ирина Ярцеванын айтканына таянып жазды.
"COVID-19дун ар кыл формалары бар. Гриппте эт ысып, 39 градуска чейин алты күндөй көтөрүлөт. Ал эми коронавирус болгондо ал 10 -12 күнгө чейин кетпей туруп алат, бул анын жеңил формасы деп эсептелет. Анткен менен мындай абал адамды кыйнап жиберет. Обочолонууну талап кылгыдай анализди карай келгенде өзгөрүүлөр анча көп болбойт. Организм өзү күрөшүп, сатурацияны кармап турат. Бирок сезилген интоксикация менен температуранын реакциясы сасык тумоого караганда узагыраак болушу мүмкүн", — деп айтып берген "Вечерняя Москва" басылмасына.
Ярцева коронавирус инфекциясы грипптен айырмаланып, адамдын тамагын жабыркатпай тургандыгын айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0