Залкар таланттын "Караш-Караш окуясы", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Ак кеме", "Бөрү зындан", "Снайперлер" жана "Фудзиямадагы кадыр түн" өңдүү мыкты фильмдери классикага айланган.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы залкар инсандын акыркы жылдардагы турмушу, бала-бакырасы менен болгон мамилеси жөнүндө баарлашуу үчүн уулу Чыңгыз Шамшиевди кепке тартты.
— Атаңыздын дүйнөдөн өткөнүнө бир жылдан өтүп калыптыр. Сырдашып отурганыңыздарды социалдык тармактарда эскерип каласыз. Болот ата өмүрүнүн акыркы жылдары кайсы маселелерге көп кайрылды?
— Атам экөөбүз башында ата-баладай баарлашсак, кийин тилектеш, үзөңгүлөш адамдардан боло алдык. Убакыттын өтүшү менен жашоомдогу эң жакын жана негизги маектешиме айланды. Ар кыл темада, ар башка окуялар жөнүндө түн бир оокумга чейин сүйлөшүп отуруп калчубуз. Менимче, ата менен баланын мамилеси ушундай жакын болуш керек. Анткени бала чоңоет, бир кесипке ээ болуп, бала-бакыра күтүп, коомдо өз ордун табат. Жыйынтыгында ата менен баланын мамилеси өзүнчө бир достукка айланат. Айрым балдар үй-бүлө башчынын жолун улаган, анын адамдык сапатын, баалуулуктарын алып жүрүүчү болуп калат.
Атам өмүрүн маданиятка арнаган, аны мыкты түшүнгөн инсан катары көбүнчө адамзат маданиятына абдан күйчү. Ой чабыты кенен, көр оокатка башын оорутпаган, толеранттуу, чыгармачыл адам катары гумандуу коомду жана дүйнөлүк цивилизацияны кандай тагдыр күтүп турат деп тынсызданчу. Ал кыргыз элин оор күндөрдү башынан өткөргөн, кылымдарды карыткан, далай цивилизация, империяларды көргөн улуу калк деп эсептечү. Анткени адамзат тарыхында бийлик, байлык үчүн талпынган канчалаган мамлекеттер, улуттар салгылашуулардын, түрдүү саясий оюндардын курмандыгына айланып жер бетинен жок болуп кеткен. Алардын айрымдары гана өзүнүн улуттук баалуулуктарын, өздүгүн сактап кала алды. Кыргыздар кокту-колот, бийик тоолуу жерлерде көчүп-конуп, айлана-чөйрө менен эриш-аркак, дүнүйө жыйнабай тиричилик өткөрүп өзүн сактаган. Так ушул мыкты элден Айтматов, Каралаев, Чокморов өңдүү таланттар чыккан жана дагы чыгат деп эсептечү.
— Кээде көз караш, ой-пикирлер дал келбей талашып-тартышып калган учурлар болчу беле?
— Албетте, андай учурлар да болчу. Бирок бири-бирибизге жакын болгондуктан атам же мен эмнеге ал пикирге кошулбай жатканыбызды түшүнчүбүз. Кызуу баарлашып кеткенде көбүнчө бири-бирибизди кошумчалап, толуктап турар элек. Ал дүйнөлүк тарых, адабият, маданиятты мыкты билчү, эс тутуму күчтүү эле. Өткөн кылымдын 60-жылдары окуган чыгармаларын бир нече күн мурун окугандай ар бир окуянын майда-бараты, каармандарына чейин сүрөттөп берип койчу. Мен ошол эле чыгарманы үч жыл мурун окусам да анчалык эсимде калчу эмес. Кээде өзгөчө пикир айтып жеке позициямды билдирсем, ата катары кубанып колдоп койчу. Эми ошондой мамилеге, сырдашууга жете албай өксүп каламбы деп ойлой берем.
— Залкар режиссер дайыма изденүүдө болуп, чыгарма жазып, архивде маалыматтарды чогултуп жүрчү. Атаңыздын соңуна чыкпай калган иштерин айта кетсеңиз.
— Ар бир тасмасын тартар алдында изилдөө жүргүзүп, каармандарынын кийим-кечеси, баскан-турганы, кыймылына чейин талдап, архивдик документтер менен көп иштечү. Эски адамдарды издеп алыскы айылдарга чейин барчу. Жасай турган иштери арбын болуп, көп нерсеге талпынып турчу. Анын көздөгөнүн орундатуу үчүн бир эле өмүр жетпесе керек деп ойлойм. Чоң бир кыялы — Манас жөнүндө тасма тартуу эле. Аны көрүүчүлөргө сунуштоо үчүн ири суммадагы акча издеп, катуу даярдык көрүп, дүйнөдөгү эң ири эпосту "Шакектер шаасы", "Аватар" тасмаларындай масштабдуу тартууну көксөп жүрүп өттү. Ал кинокартинаны кесипкөйлүк менен жогорку деңгээлде жаратуу керектигин көп кеп кылчу. Анткени Манасты кыргыздар тартпаса, башка эч ким тартпайт. Андан башка толгон-токой кол жазмалары, сценарийлери калды. Буюрса, аларды ишке ашырууга, көрүүчү жана окурмандарга сунуштаганга аракет кылабыз.
— Болот Шамшиев союз тарагандан кийин бир дагы кинофильм жараткан эмес экен. Балким бут тосуулар дагы болгондур, ушул убакыт аралыгында эмнелер менен алектенди?
Мен мектепте окуп жүргөндө таңкы саат төрткө чейин документтерди жазып, азыркы Көк бөрү федерациясынын логотибин тарткам. CorelDRAW программасы менен бир нече вариантын жасап, атам анын ичинен бирөөнү жактырып бекиткен. Ал логотип азыркыга чейин колдонулуп жүрөт. Атамдын ал демилгесин Аскар Салымбеков, Темир Дүйшекеев колдоп, шаардын четинен жер тилке алып тай казандарды орнотуп, чакан машыгуу жайын ачышкан. Ошол иштерди айлык албай, бирөөнөн акча сурабай, өзүнүн жеке иштерин унутуп, ага баш-оту менен кирип кетчү. 2000-жылдарга жакын көк бөрү бир нукка түшүп калганда федерацияны толугу менен жаштарга өткөрүп берген. Эгер атам убагында көк бөрүгө көңүл бурбаганда, ал спорттун түрү азыркыдай популярдуу болбойт беле деп ойлоп калам. Себеби азыр көк бөрү Көчмөндөр оюнунун кульминациялык бөлүгү болуп, канчалаган улуттар аны ойноп жатат. Андан сырткары, биринчилерден болуп Ашхабаддан Таласка чейин ат чабыш уюштуруп, "Манас" эпосунун 1000 жылдыгына карата чабандестер 1609 чакырымды багындырган. Ошол мааракени уюштуруунун башында туруп, бир жыл ичинде миңдеген адам менен иштешкен.
— Болот ата коомдогу көйгөйдү ачык айтып, айрым маселелеррге жарандык позициясын ачык билдирчү эле. Сиздин пикириңизде ал кандай жашап өттү?
— Балдар эч качан ата-энесине окшош боло албайт, мындайды күтпөшүбүз да керек. Мен деле учурда педагогика тармагында иштеп, өз балдарымды тарбиялап келем. Жеке оюмда, балдарымдын көрө турчу күнү өздөрүнүкү. Алардын өзүнүн достору, катышы, көз карашы, жадагалса, өзүнүн душмандары дагы болот.
— Кезинде Болот атага чет мамлекетте иштөөгө чакыруулар көп болсо керек?
— "Караш-Караш окуясын" тартып, эл аралык деңгээлде таанылганда эле Англияга чакырышкан. Анда атам 30 жашка дагы чыга элек болчу, кийин Австралияга чакыруу келген. Биз ал маселелерди дасторкон үстүндө кеңешип калчубуз. Бирок кандай гана сунуш болбосун, атам Кыргызстанда эле калууну туура көрчү.
— Болот Төлөнович кайсы бир деңгээлде сизди ата жолу менен кетүүңүздү каалагандыр. Аны айтчу беле?
— Уул-кыздарынын же неберелерин ушул кесипти аркаласын деп эч качан айтчу эмес. 90-жылдары баарыбыздын көп пландарыбыз өзгөрүп кетти. Мектепти аяктаганда менин алдымда режиссерлукка баруу же барбоо тандоосу турган. Бирок мен ал тармак менен кетүүгө чыгына албай койдум. Ал жылдары мен эмес, Океев, Шамшиев, Убукеев өңдүү күчтүү режиссерлор кино тартканга акча таба албай отуруп калышкан. Ошондуктан мен мектепти аяктагандан кийин эки жыл Бишкекте окуп, европалык стипендияга ээ болуп, чет мамлекетте экономика жана бизнес багыты менен кеттим. Көп убакыт өткөндөн кийин мага "сен режиссердой ойлоносуң, ошол кесип менен кетсең болмок экен" деп кейип калчу. Атам жашоосунда балдарым өз кесибин, өз жолун өзү тандашы керек деген принципти карманчу. Балдардын өнүгүүсүнө шарт түзүп берип, үйдөгү тартипке өтө чоң көңүл буруп, убакытты туура пайдаланууну, тыкан жүргөндү, тың болгонду үйрөтчү. Кээде кызыктуу китептерди сунуштап багыт берчү. Ал эми кайсы китепти окуп, кандай сүрөттү тартуу керектигин такыр айтчу эмес. Тандоону өзүбүзгө койчу. Мен дагы атамдай болуп уул-кыздарымдын тандоосуна аралашпайм.— Атаңыз СССРдин, КРдин эл артисти, II жана III даражадагы "Манас" орденинин кавалери, эл аралык деңгээлдеги кыргыз режиссерлордун бири болгон. Андай адамдын уулу болуу кыйынбы?
— Ата-энең атактуу, таасирдүү болсо, көп учурда балдарынын ийгилигин элдер аларга ыйгарышат. Ошондуктан мен эки эсе көп күч-аракет жумшап, ал ийгиликтерди өзүм жасап жаткандыгымды далилдешим керек болчу. Антпесе, сөзсүз кеп ээрчийт эле. Ошондон улам дагы мен кинематографияга барган эмесмин. Мойнумда кандай жоопкерчилик бар экенин сезчүмүн.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан Жайыл, Токтогул райондорундагы жана Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун Талды-Булак айылындагы посттор 25-февраль таңкы саат 06:00гө чейин убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Бул премьер-министрдин буйругунун негизинде болгон.
"Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу болгондуктан Жайыл районунун Сосновка, Токтогул районунун Арал постторунда жана Суусамыр — Талас — Тараз жолунун Талды-Булак айылындагы постунда автоунаалардын бардык түрүнө таңкы саат 06:00гө чейин убактылуу чектөө киргизилди", — деп кабарлаган ӨКМ.
Эске салсак, Бишкек — Ош жолунун 132-чакырымында көлөмү болжол менен 1800 м3 кар көчкү түшкөндүктөн учурда жол жабылган.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Россияга иш сапар менен барган президент Садыр Жапаров Москва шаарында Россияда жашаган кыргызстандыктар менен жолугушууда. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ал Россия президенти Владимир Путин менен жолугушуунун жыйынтыктары, анын ичинде Россияда эмгектенген кыргызстандыктардын маселеси дагы талкууланганы тууралуу маалымат берген.
Жапаров сыртта иштеп жүргөн кыргызстандыктардын алдында сүйлөп жатып, эң биринчилерден болуп "Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө" жарлыкка кол коюлганын билдирген.
"Менин максатым — элибиздин көйгөйлөрүн чечүү, Кыргызстандын бардык жарандарын жумуш орундары менен камсыздап, татыктуу жашоого алып келүү. Ошондой эле чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештердин Мекенге кайтып келүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү", — деген Жапаров.Кыргызстан турак жай ээлери салык төлөөдөн качып, чет элдик жарандарды каттоого тургузуудан баш тартышкандыгынын натыйжасында келип чыккан мигранттарды каттоо көйгөйлөрүнө көңүл бурган.
"Казакстанда бул багытта "кабарлоо тартиби" деген жакшы тажрыйба бар: жарандар мамлекеттик органга келген жана иштеген жери жөнүндө билдирүү гана жөнөтөт, андан кийин ал каттоого турат. Ушундай эле жол-жобону ЕАЭБдин алкагында киргизүүнү сунуштайбыз", — деген Жапаров.
Эске салсак, бүгүн Жапаров Россияга иш сапары менен барып, Россия лидери Владимир Путин менен жолуккан.