COVID: каза тапкандар катталган жок, бирок 59 киши ооруну жуктурган

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүТез жардам кызматы. Архив
Тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2021
Жазылуу
Бир нече күндөн бери Кыргызстанда коронавирустан каза тапкандар катталып жаткан, соңку күндүн статистикасында оорудан эч ким көз жумган жок.
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада COVID 59 кишиге жукса, 91 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Акыркы маалыматтар боюнча, коронавирустан эч ким каза тапкан жок.
"Кыргызстанда стационарда 581 бейтап дарыланууда. 166 адам оор, 30 киши өтө оор абалда жатат", — деп айтылат штабдын маалыматында.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
  • Бишкек - 26
  • Чүй облусу – 19
  • Ош облусу - 2
  • Талас облусу - 1
  • Нарын облусу - 4
  • Ысык-Көл облусу – 4
  • Жалал-Абад облусу – 1
  • Баткен облусу – 2
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
  • Бишкек – 47
  • Ош шаары – 1
  • Чүй облусу – 27
  • Ош облусу – 4
  • Талас облусу – 1
  • Нарын облусу – 1
  • Ысык-Көл облусу – 8
  • Жалал-Абад облусу – 2
Учурда амбулатордук дарыланууда 674 бейтаптын бар экендиги айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0