БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Көмүр кенин басып алууга шектелип кармалган Ош облустук прокуратурасынын прокурору Улукбек Өмүрзаков үй камагына чыкты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүдө айтылгандай, тиешелүү чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алган.
Тергөөнүн жүрүшүндө Өмүрзаков жана аны менен бирге кармалгандар "Жолчырак" көмүр кенинде мыйзамсыз көмүр казып келишкени аныкталган.
"30-январда тергөө менен кызматташкандыгы жана мамлекетке келтирилген 20 миллион сомдук чыгымды төлөп бергендиги үчүн Өмүрзаковго үй камагына алуу боюнча баш коргоо чарасы тандалды", — деп жазылат маалыматта.
Прокурор өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы дагы айтылды.
Белгилей кетсек, ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууган иниси Улукбек Өмүрзаков өткөн жылдын ноябрь айында кармалган.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Башкы прокуратура ишкерлер үчүн күнү-түнү жооп бере турган ишеним телефон номерлерин жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
"Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү" жарлыгын аткаруу максатында ишеним телефону иштеп баштады", — деп айтылат маалыматта.
Эми ишкерлер күнү-түнү (0312) 88-90-33 номерине чала алышат.
Ишеним телефону жеке ишкердик субъектилеринин, чакан бизнестин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсү, ошондой эле менчик ээлеринин укуктарынын бузулуусу боюнча кайрылууларды кабыл алары маалым болду.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Ишембиде күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында -1…-6, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 0…+5, Ысык-Көлдө -2…+3, Нарын өрөөнүндө -4…-9 градус болору болжолдонду.
Күндүн табы Бишкекте -3…-5, Ош шаарында 0…+2 градус болот.