БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Өкмөт үйүнүн алдына "Караван" соода борборунда иштеген 60тай ижарачы чогулду. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен кабарлады.
Митингчилер "Караван" соода борборунун онлайн-аукционго коюлганына каршы болуп жатканын айтышты. Алар өткөн жумада Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан ижарага алган жайларды беш күндүн ичинде бошотуп коюу керек деген билдирүү келгенин айтышты.
Эске салсак, былтыр ноябрда да ушул талап менен ижарачылар митингге чыгып, аларга вице-премьер Эльвира Сурабалдиева жолуккан.
"Караван" соода борбору Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевден мамлекетке алынып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун эсебине өткөрүп берилген.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Коронавирустун "нигериялык" штаммы Италиянын түндүгүндөгү Ломбардия провинциясынын Брешия шаарында табылды. Бул тууралуу ANSA агенттиги Италиянын вирусологдор коомунун президенти, микробиологиялык лабораториянын директору Арнальдо Карузого таянып билдиргенин РИА Новости жазды.
Адистин билдиришинче, бул штамм улам-улам мутацияланып турат, учурдагы вакциналар натыйжасыз болушу мүмкүн.
Нигерияда коронавирустун жаңы штаммы табылганы декабрь айында маалым болгон. Африкалык ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун (CDC) маалыматы боюнча, жаңы вариант Нигериянын Осун штатында чогултулган үлгүлөрдүн арасында эки бейтаптын анализин изилдөөдө табылган.
Буга чейин декабрдын орто ченинде Улуу Британияда коронавирус — VUI-202012/01 мутациясы табылган. Кийинчерээк ал мурунку вируска салыштырмалуу 56-70 пайызга тезирээк тарай турганы маалым болгон. Ошондой эле бул штамм бейтаптарды өлүмгө алып келиши мүмкүн экени айтылган болчу.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус 48 адамдан табылып, 49 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен COVID жуктургандардын жалпы саны 86 359га жетти.
Айыккандар:
Өлкөдө жалпы 83 318 бейтап ооруну жеңген.
Тилекке каршы, дарт бир сутка ичинде Бишкектен бир адамдын өмүрүн алган. Аны эсепке алганда илдеттен жалпы 1 468 киши көз жумган.
Азыркы тапта ооруканаларда 355 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 100 адамдын абалы оор болсо, 14үнүкү өтө оор деп бааланды.
Бир сутка ичинде өлкөдө медицина кызматкерлеринин арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган эмес.