Калкты тейлөө борбору. Архив

Эми бишкектиктер жер меселеси боюнча калкты тейлөө борборуна кайрыла алышат

116
Жер маселелери боюнча кызмат көрсөткөн долбоор адегенде Бишкек шаарында башталып, андан соң өлкөнүн бардык аймагында ишке киргизилмекчи.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Бишкек шаарындагы калкты тейлөө борборлорунан (КТБ) жарандар февраль айы ичинде жер ресурстары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү ала алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, долбоор пилоттук негизде адегенде Бишкек шаарында башталып, ийгиликтүү болсо өлкөнүн бардык аймагындагы калкты тейлөө борборлорунда ишке киргизилмекчи.

Аталган долбоор мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин кеңейтүү максатында ишке ашырылып жатканы айтылды.

Жарандар төмөнкү кызматтарды колдоно алышат:

  • кыймылсыз мүлккө карата укуктар жана чектөөлөр жөнүндө көчүрмө;
  • кыймылсыз мүлктүн техникалык параметрлери;
  • кыймылсыз мүлккө карата укуктардын жана чектөөлөрдүн тарыхы;
  • кыймылсыз мүлккө карата жеке менчик укуктун бар-жогу тууралуу маалыматтар.

Жарандар жер маселелери боюнча төмөнкү даректерге кайрыла алат:

  • 1. КТБ-1, 12 кичи район, Нуркамал Жетикашкаева көч., 29 (ДК бизнес борборунун имараты);
  • 2. КТБ-2, Чолпон-Ата көч., 2 ("АЮ Грандкомфорт" имараты);
  • 3. КТБ-3, Ж.Гвардия бул., 4 (Бөкөнбаев көч. менен кесилишет);
  • 4. КТБ-4, Ауэзов көч., 1/5 ("Два прораба" имараты).
116
Белгилер:
Бишкек, долбоор, Калкты тейлөө борбору, кызмат көрсөтүү
Тема боюнча
"Унаа" ишканасынын кызматтары 1-январдан тарта арзандайт. Жаңы тариф
Ымыркай. Архив

Швецияда жарыкка келген ымыркайдан коронавирустун жаңы штаммы табылды

3
(жаңыланган 11:30 03.03.2021)
Баштапкы изилдөөлөр эне менен баланын вирустары бирдей экендигин көрсөткөн, бирок кийинки анализдерде ымыркайда оорунун жаңы түрү аныкталган.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Швецияда жаңы төрөлгөн ымыркайдан коронавирустун жаңы штаммы табылганын "Известия" жазды.

Мальме ооруканасына ичи катуу ооруган кош бойлуу аял түшкөн. Медиктер кычкылтек жетишсиздигинен курсактагы баланын жүрөгү начар согуп жатканын аныкташкан. Аялга операция жасашып, коронавируска анализ алынгандан кийин баласы экөөнөн тең оору аныкталган. Геномдун анализи ымыркай инфекцияны төрөлгөнгө чейин эле жуктурганын көрсөткөн.

Баштапкы изилдөөлөр эне менен баланын вирустары бирдей экендигин аныктап чыккан, бирок кийинки анализдерде ымыркайда вирустун жаңы түрү белгилүү болгон.

Дарыгерлер бала төрөлөрү менен коронавирус аныкталган учур биринчи жолу катталып жатканын айтышты. Ал вирусту төрөлүп жатканда жуктуруп алышы мүмкүндүгү болжолдонгон.

COVID-19 жуктурган аял ооруну жеңил эле көтөргөндүктөн төрт күндөн кийин чыгарылган. Бала эрте төрөлгөнү үчүн медиктер көбүрөөк жардам берген, бирок антитело бат иштелип чыгып айыгып кеткен.

3
Белгилер:
кош бойлуу, ымыркай, коронавирус, Швеция
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Италияда коронавирустун "нигериялык" штаммы табылды
ДССУ: коронавирустун ыңгайлашып, көнүшүп кетүүсүнө жол бербейли!
Калпакчан балдар. Архив

Парад, жарманке. Бишкекте Калпак күнүнө карата иш-чара өтөт

6
(жаңыланган 11:28 03.03.2021)
Иш-чарада салттуу кийим кийгендер "Ала-Тоо" кинотеатрынан "Ала-Тоо" аянтына чейин параддан өтөрү айтылды.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкекте Ак калпак күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Билдирмеге караганда, иш-чараны министрлик, Бишкек мэриясы жана "Улуттук намыс" уюму уюштурат.

"Анда салттуу кийимдердин парады болуп, кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өтөт. Калпактардын түрлөрү, салттуу кийимдер жана кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлат", — деп жазылат маалыматта.

Иш-чара 4-март күнү саат 10:00дө баштала турганы айтылып, салттуу кийим кийгендер "Ала-Тоо" кинотеатрынан "Ала-Тоо" аянтына чейин параддан өтөрү кошумчаланды.

6
Белгилер:
жарманке, баш кийим, министрлик, маданият, иш-чара, калпак
Тема боюнча
Жапаров элди Туу күнү менен куттуктап, чакырык таштады
Кеп такыячан эл алдына чыгуу уят болот. Салттуу баш кийимдердин сырлары