Аял жаратылыш паркта. Архив

Шейшембиге карата аба ырайы

120
2-февралга караган түнү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Шейшембиде күндүз республиканын кээ бир аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда +5…+10, Таласта +6…+11, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +9…+14, Ысык-Көл өрөөнүндө +1…+6, Нарын жергесинде -2…-7 градус болору кабарланды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +8…+10, Ош шаарында +12…+14 градусту көрсөтөт.

120
Белгилер:
Кыргызстан, февраль, аба ырайы
Тема боюнча
ӨКМ: абайлагыла, жол тайгак болот, көчкү түшүшү мүмкүн!
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив

Мектеп куруп берүүнү өтүнгөн балбайлык окуучу Жапаров менен жолукту. Сүрөт

82
(жаңыланган 23:26 28.02.2021)
Сегиз жаштагы бала соцтармак аркылуу президентке кайрылып, мектеп куруп берүүнү өтүнгөн. Алгач өлкө башчынын аны менен жолуга албай турганы айтылып, кийин видео аркылуу сүйлөшкөнү белгилүү болгон.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Балбайлык окуучу Бекболот Турдушев президент Садыр Жапаров менен жолукту. Ал Instagram баракчасына өлкө башчысы менен жолуккан учурда тартылган сүрөттөрүн жарыялаган. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от turdushev (@bekbolotturduh)

Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына президент окуучу бала менен жолугууга убада бергенин белгилеп кетти.

Бекболот Турдушев мектебинин эскилиги жеткенин айтып, эки кабат мектеп салып бериңиз деп өлкө башчысына кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган.

Ошондон кийин Бекболоттун Жапаров менен жолуга турганы тууралуу маалымат тараган.

Президенттин маалымат кызматы Жапаров Россияга болчу сапарынын алдында окуучу бала менен жолугуу каралган эмес дешкен.

Көп өтпөй Жапаров видео байланыш аркылуу Бекболот Турдушев менен сүйлөшкөнүн өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлаган.

82
Белгилер:
Бекболот Турдушев, Садыр Жапаров, мектеп, президент, жолугушуу
Тема боюнча
Мектеп куруп берүүнү өтүнгөн балбайлык окуучу Жапаров менен жолукту. Сүрөт
 Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов. Архив

ЖК депутаты Алмазбек Акматов каза болду

184
(жаңыланган 23:51 28.02.2021)
Эл өкүлү узак убакыттан бери оору менен алышып келгени айтылды. Депутаттыкка чейин бир катар кызматтарды аркалаган.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов 57 жашында каза болду. Кабарды парламенттин маалымат кызматы ырастады.

Анда Акматовдун узак убакыттан бери илдет менен күрөшүп келгени айтылат.

Ал 2015-жылы "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган.

Алмазбек Акматов 1964-жылы 18-октябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Дөрбөлжүн айылында төрөлгөн.

Депутаттыкка чейин СССРдин Коргоо министрлигинде аскердик-саясий кызматтарда, президенттин иш башкармалыгында, Эсеп палатасында иштеген.

184
Белгилер:
оору, депутат, Алмаз Акматов
Тема боюнча
СССРдин эл артисти Токтоналы Сейталиев 84 жаш курагында дүйнө салды