Организмге D витамини жетишпей жатканын кайсы симптомдор билдирип турат

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүВитаминдер. Архивное фото
Витаминдер. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2021
Жазылуу
Адис D витамини көбүрөөк тамактарды, маселен, майлуу балыкты, жумуртканын сарысын, козу карынды, сүттү, апельсин ширесин колдонууга кеңеш берген.
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Америкалык фармацевт Сьюзи Коэн организмге D витамини жетишпей жатса кандай белгилер болорун айтып бергенин РИА Новости жазды.
"Бул витамин аз болсо жүрөктүн аритмиясы, апатия, көздөн жаш агуу, кан басымынын көтөрүлүшү, чарчоо, толуп кетүү, ичтин көбүшү, кургак кератоконьюнктивит, дененин оорушу, алсыздык, когнитивдик функциялардын төмөндөшү, аутоиммундук оорулардын күчөшү, нейропатия, көз оорусу, дем алуу оорлошуп, аллергия байкалып, безетки чыгышы мүмкүн", — деген дарыгер.
Имбирь. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2021
Имбирь бардыгына эле пайдалуу эмес. Адис аны колдонуунун жолу тууралуу
Мындан тышкары, Коэн териге бир нерселердин кызарып чыгышын, кандагы канттын деңгээлинин жогорулашын, эректилдик дисфункцияны, заара чыгаруудагы көйгөйлөрдү, какачтоону жана адамдын маанайынын бузулушун Д витамининин жетишсиздигине байланыштырган.
Адис мындай симптомдор байкалгандарга дарыгерге кайрылууну сунуштаган. Ошондой эле D витамини көбүрөөк тамактарды, маселен, майлуу балыкты, жумуртканын сарысын, козу карынды, сүттү, апельсин ширесин колдонууга кеңеш берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0