"Электр станциялары" ишканасынын жетекчиси алмашты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Электр станциялары" ишканасынын башкы жетекчинин биринчи орун басары Таалайбек Бектенов. Архив
Электр станциялары ишканасынын башкы жетекчинин биринчи орун басары Таалайбек Бектенов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2021
Жазылуу
Ачикеев жумуштан кечээ, 1-февралда, өз каалоосу менен арыз жазып кеткен. Аны директорлор кеңеши кабыл алган.
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. "Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Жолдошбек Ачикеев кызматтан кетти. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Ачикеев жумуштан кечээ, 1-февралда, өз каалоосу менен арыз жазып кеткен. Аны директорлор кеңеши кабыл алган.
"Ордуна ошол эле ишканада башкы жетекчинин биринчи орун басары болуп иштеген Таалайбек Бектенов келди", — деп айтылат маалыматта.
Ачикеев "Электр станциялары" ишканасын 2020-жылдын 27-февралынан бери башкарып келе жаткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0