Гемодиализ алып жүргөн 205 бейтап мамлекеттин эсебинен дарыланууга өттү

© Sputnik / Табылды КадырбековОоруканада гемодиализ алган бейтап. Архив
Ооруканада гемодиализ алган бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2021
Жазылуу
Бүгүнкү күндө өлкөдө бюджеттик негизде 1 896 адам гемодиализ алат, анын көбү Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан, азыраагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк багыты менен алышат.
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Бөйрөк оорусунун 5-стадиясы менен жабыркап, өз каражатына гемодиализ алып жүргөн 205 бейтап эми аны бюджеттин эсебинен ала турган болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Особая экономическая зона Дубна - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2020
Кант диабети менен ооругандар арзандатылган тесттерди сатып алса болот
Бүгүнкү күндө өлкөдө бюджеттик негизде 1 896 адам гемодиализ алат, анын ичинен 1613ү Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан, 283ү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк багыты менен "Фрезениус Медикал Кеа" гемодиализ борборунан алышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0