Премьер-министрликке көрсөтүлүп жаткан Улукбек Марипов

Марипов: бир айда 5 600 сомго деле жашаса болот, бирок өтө кыйын

(жаңыланган 14:16 03.02.2021)
Ушу тапта Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн жаңы курамын карап, премьерге талапкер Улукбек Мариповго суроо берип жатышат.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Кыргызстанда бир айда 5 600 сомго деле жашаса болот, бирок, чындыгында, өтө кыйын. Бул тууралуу депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып премьер-министрликке көрсөтүлүп жаткан Улукбек Марипов билдирди.

Ага депутат Дастан Бекешев "жашоо минимуму болгон 5 600 сомго жашап көрө аласызбы?" деп суроо узаткан.

"Дастан Далабаевич, 5 600 сомго деле жашаса болот, бирок, чындыгында, өтө оор. Сурооңуздун түпкүрүн түшүнүп турам, эң төмөнкү көрсөткүчтү айтып жатасыз", — деди Марипов.

Депутат талапкерден жашоо минимумунда көрсөтүлгөн каражатка жашоого болот деп өкмөт эмнеге элди алдап жатканына да кызыкты.

Марипов, мындан тышкары, суроолорго жооп берип жатып, айлык акы, пенсия жана жөлөк пул өндүрүштүн иштеши үчүн тоскоолдуктар жоюлганда, орто бизнес колдоого алынганда, экспорттун потенциалы жогорулап, айрым товарлардын импорту төмөндөгөндө көбөйтүлө турганын айтып берди.

Эскерте кетсек, ушу тапта Жогорку Кеңеш өкмөттүн структурасы менен курамын карап жатат.

Белгилер:
жөлөк пул, пенсия, айлык-акы, Жогорку Кеңеш, Улукбек Марипов, өкмөт
Тема:
Жаңы өкмөт башчыны дайындоо (36)
Тема боюнча
Сиз келипсиз, бүтөт. Марипов жаңы мандат алган депутатты тамашага салды. Видео
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив

Савайга барган Ташиев: жер алмашуу боюнча протоколду бузбаш керек

(жаңыланган 16:08 19.04.2021)
Ташиев менен жолуккан жергиликтүүлөр протоколду өзгөртүп, Кемпир-Абаддын жанындагы жерди бербеш керек деген оюнан кайтышкан жок.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Өзбекстан менен жер алмашууга байланыштуу түзүлгөн макулдашуу эң пайдалуу келишим болду. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдиргенин аймактык кабарчы жеринен маалымдады.

Эске салсак, Камчыбек Ташиев бүгүн, 19-апрелде, Кара-Суу районундагы Савай айыл аймагынын Ынтымак айылынын эли менен жолугушту. Савай айыл өкмөтүнүн тургундары Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасынан 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине макул болбой бир нече күндөн бери нааразычылык акциясын өткөрүшүүдө.

Эл менен жолуккан Ташиев ал жетектеген делегация Өзбекстанга барып, Кыргызстан үчүн эң ыңгайлуу, эң пайдалуу келишим түзүлгөнүн белгиледи.

"Бул протоколду бузбай аягына чейин чыгарышыбыз керек. Бул элге эң ыңгайлуу документ", — деди Ташиев.

Бирок жергиликтүүлөр протоколду өзгөртүп, Кемпир-Абаддын жанындагы жерди бербеш керек деген оюнан кайтышкан жок. Бирок Ташиев андай кылуу мүмкүн эместигин, протокол Өзбекстан менен чектешкен башка аймактардагы талаш жерлердин маселесин чечүүгө да багытталганын билдирди.

"Биз суунун түбүндөгү 4 миң 400 гектар жерди берип, ордуна 5 миң 100 гектар жер алдык. Муну бүгүн чечпесек, эртеңки муунга көйгөй болуп калат. Плотинанын башында 50 гектар жер бар экен, ошону сурашты. Ал жерден 50 гектар жер бердик. Алар дагы бизге 50 гектар жер берди", — деди УКМК башчысы.

Ташиев Өзбекстан менен түзүлүп жаткан келишим боюнча дагы айтып берген.

"Жээкте жашаган элге сууну пайдаланууга толук түрдө укук бар. Мал сугарып, балык кармап, насос менен суу чыгарса болот. Ал жерге эч кандай чек коюлбайт. Суунун деңгээли көтөрүлбөшү үчүн плотинаны чогуу башкарыш керек. Биздин айылдардын каналдарына суу берилиши үчүн эл аралык келишим түзөбүз", — деди Ташиев.

УКМК башчысы нааразылык акциясын уюштургандардын арасында чагымчылык кылууну көздөгөндөр бар экенин айтты. Бирок чогулгандар анын бул сөзүнө нааразы болушту.

Учурда элге өкмөттүн Оштогу өкүлү Жарасул Абдураимов да түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Белгилер:
жер тилкеси, чек ара, Өзбекстан, Савай, Кара-Суу району, Ош
Тема боюнча
Ташиев Савайга барып жер берүүгө каршы чыккан эл менен жолукту
Коомдук жана саясий ишмер Жусуп Абдрахманов. Архив

Жусуп Абдрахманов өмүр баяны

Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 28-декабрда Ысык-Көл облусундагы Чиркей айылында манаптын үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Билими:

Абдрахманов Сазановка кыштагындагы (азыркы Ананьево айылы) орус-тузем мектебинде 3-класска чейин окуп, 1914-жылдан баштап билимин Каракол шаардык жогорку-башталгыч окуу жайында уланткан. Тилекке каршы, 1916-жылы Үркүн окуясынан улам Абдрахманов окуусун бүтүрө албай калган.

Болочоктогу саясий ишмердин атасы — Абдрахман Балапанов бий жана болуш болгон. Ал 1916-жылдагы көтөрүлүшкө катышып, ошол жылы келте оорусунан каза тапканы айтылат. Жусуп Абдрахмановдун энеси жана жети бир тууганы Нарындагы көтөрүлүштү басууда өлтүрүлгөн. Натыйжада Абдрахманов Токо аттуу иниси менен томолой жетим калып, 15 жашында эл менен кошо Кытайга качат. Бир жылдан соң мекенине кайтып келип, Каракол гарнизонунда офицерлердин аттарын, короосун карап жашаган.

Жусуп Абдрахманов Кызыл Армияга жазылып, бир жылга жетпеген убакытта катардагы жоокерден эскадрондун командирлигине чейин көтөрүлгөн. Алгач 1919-жылы Верныйдагы (азыркы Алматы шаары) командирлик курстан, андан кийин Ташкенттеги аскердик жогорку мектептен окуган.

Эмгек жолу:

Совет бийлиги орногондон кийин партиялык курулушка баш-оту менен киришкен Абдрахманов алгачкылардан болуп комсомолдун катарына өтүп, 1920-жылы Россия комсомолдорунун 3-курултайына өкүл катары катышкан.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүсү, алгачкы кыргыз интеллигенциясынын эң көрүнүктүү өкүлү, саясий жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахманов
© Фото / иллюстрации из книги Ж. Абдрахманова "1916. Дневники. Письма к Сталину"
Жусуп Абдрахманов 1924-жылга чейин Жети-Суу аймагында жооптуу партиялык-советтик кызматтарда иштеген. Ошол жылдары санаалаштары менен жаңы, жаш мамлекетти бутуна тургузуп, цивилизацияга кошуу иштерине киришет. Абдрахманов Кыргызстандын азыркы чектерин аныктап, ал гана эмес өлкө аянтын дагы да кеңейтүүнү максат кылган. Абдрахмановдун аракети менен Кыргызстан адегенде автономиялуу облус, андан кийин автономиялуу республика болгон.

Коомдук ишмер 1925-жылы Москвага кызматка чакырылып, Бүткүл союздук коммунисттер партиясынын Борбордук Комитетинде жооптуу инструктор болуп эмгектенген. Ошол эле жылы кыргыздан чыккан алгачкы дипломат катары Иран өлкөсүнө эки тараптын мамилесин чыңдоо үчүн жөнөтүлөт.

Саясий ишмер 1927-жылы март айында, болгону 26 жашында Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар төрагасы болуп дайындалат. Ал бул кызматты аркалаган беш жыл ичинде жаңы түзүлгөн жаш республикадагы бардык маанилүү жумуштарды баштап? айыл чарба, өнөр жай, билим берүү, укук, маданият сыяктуу тармактарды негиздөөгө салым кошкон. Колхоздошуу башталганда чоңдордун каршылыгына карабастан кооперация идеясын көтөрүп, көчмөн калкты жапырт отурукташтырууга макул болбой, жергиликтүү шартты билбеген москвалык кызматкерлерди катуу сындап, кыргыз тилинин ролун жогорулатуу, улуттук кадрларды даярдоо жана кызматка коюу маселелерин ар дайым көтөргөн. Ал турсун Сталинге эки жолу кат жөнөтүп, Москванын туура эмес саясатын белгилеген. 1930-жылдары ачкачылык башталып, Украина, Казакстанда миллиондогон адам кырылганда Абдрахманов бул көрүнүштү алдын ала сезип, Кыргызстанда жыйналган данды жогору жактын каршы чыкканына карабастан Москвага жөнөтпөй койгон. Ошентип канчалаган кыргызды ачарчылыктан сактап калган. Бирок так ушул жагдай кийин анын "улутчул" деп күнөөлөнүшүнө себепкер болгон. Абдрахманов 1933-жылы сентябрда "Компартияга каршы аракеттенген" деген жалаа менен ишинен бошотулуп, партиянын катарынан чыгарылган.

Жусуп Абдрахманов 1937-жылы камакка алынып, ага антисоветтик террорист, Социал-Туран партиясынын түзүүчүсү деген жалган күнөөлөр коюлат. Кыргызстанда совет бийлигин кулатып, өзүнчө мамлекет түзмөкчү болгон деген айып тагылат. Бирок түрмөдөгү адам чыдагыс кыйноолорго карабай күнөөлөрдү мойнуна алган эмес. Бийликти аёосуз сындаса да, советтик түзүлүштүн активдүү жарчысы жана куруучусу болуп, ар дайым Лениндин идеяларын колдоп келген. Жусуп Абдрахманов 1938-жылдын 5-ноябрда өлтүрүлгөн. Артында анын жубайы жана беш баласы калган.

Белгилер:
саясий ишмер, коомдук ишмер, таржымал, өмүр баян, Жусуп Абдрахманов
Тема боюнча
Бишкектеги жогорку окуу жайга Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу сунушталды
Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгы быйыл улуттук деңгээлде белгиленет