Дарыгер эмдөөнүн кыйыр таасири эмнеден пайда болорун айтты

© Sputnik / Абзал Калиев / Медиабанкка өтүүВакцина алып жаткан бейтап
Вакцина алып жаткан бейтап - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2021
Жазылуу
Адистин пикиринде, эмдөөнүн кыйыр таасири иммунитеттен көз каранды эмес. Ал организмдеги өзгөчөлүктөргө жараша болот.
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Коронавируска каршы вакцина алуунун кыйыр таасири тууралуу "360" телеканалына вирусолог, медицина илимдеринин доктору Анатолий Альтштейн айтып бергенин РИА Новости жазды.
"Бул иммунитеттен көз каранды эмес. Организмдин өзгөчөлүгү, вирустук белок уулуу касиетке ээ болгондуктан реакция жүрүп кетет. Бирок мындай көрүнүштөн коркпош керек, себеби аны адамдардын бардыгы эле бирдей кабыл ала бербейт", — деген Альтштейн.
AstraZeneca вакцинасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2021
Министрлик: Кыргызстанга март айында коронавируска каршы вакцина алып келинет
Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги 2020-жылдын август айында дүйнөдө биринчи болуп COVID-19га каршы "Спутник V" вакцинасын каттаган. Ал Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борбору менен Россиялык түз инвестициялар фонду тарабынан иштелип чыккан. Вакцинанын натыйжалуулугу 90 пайыздан жогору болору айтылат.
Россиядан тышкары препарат Беларусь, Аргентина, БАЭ, Венгрия, Сербия, Боливия, Алжир, Палестина, Венесуэла, Парагвай жана Түркмөнстанда жактырылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0