"Токмоктук Граф", миллиардер. Бельгияда Алиджан Ибрагимов каза болду

© Фото / Eurasian Resources Group"Токмоктогу граф" деген ат менен белгилүү болгон миллиардер Алимджан Ибрагимов. Архив
Токмоктогу граф деген ат менен белгилүү болгон миллиардер Алимджан Ибрагимов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2021
Жазылуу
Белгилүү бизнесмен Фергана өрөөнүндө туулуп, бирок Токмок шаарында жашап келген. Ал 66 жашта болчу.
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. "Токмоктук Граф" деген ат менен белгилүү болгон миллиардер Алиджан Ибрагимов Бельгияда каза болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан ал акционер болуп жүргөн Eurasian Resources Group компаниясынын маалымат кызматына таянып кабарлады.
Алдын ала маалыматтар боюнча, ишкер Бельгияда коронавирустан көз жумган. Ал 66 жашта болчу.
Утраты года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2020
Ажал алып тынган кайрандар... 2020-жылдагы жоготуулар
Ибрагимов COVID-19ду Казакстанда жүргөндө жуктуруп алып, абал начарлап кеткенден кийин Бельгияга дарыланууга кетип, ошол жактан көз жумгандыгы айтылды.
Ибрагимов 1953-жылы Өзбекстанда Фергана облусунда туулуп, бирок Чүй аймагына караштуу Токмок шаарында жашап келген. Ишкерлигин Казакстанда жүргүзгөн. Ал Eurasian Resources Group (ERG) ири компаниясынын теңтөрагасы болгон. Бул ишкана жаратылыш ресурстарын казып жана кайра иштетүү менен алектенген.
2019-жылы Алиджан Ибрагимов планетадагы эң бай адамдардын катарын толуктаган. Анда мүлкүнүн наркы 2,3 миллиард долларды чапчыган. Байлардын тизмесинде ал 1008-орунда турган.
Жаңылыктар түрмөгү
0