Эртең Бишкектин көпчүлүк бөлүгүндө жарык берүү үзгүлтүккө учурайт. График

© Фото / PixabayШам. Архив
Шам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2021
Жазылуу
Бейшембиде электриктер трансформатордук көмөк чордондорду оңдоо жана зымдарды алмаштыруу, жабдууларды алдын ала оңдоо иштери менен алектенет.
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Бейшемби күнү, 4-февралда, Бишкектин айрым аймактарында жарык жок болот. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын сайтына жарыяланды.
Бейшембиде электриктер трансформатордук көмөк чордондорду оңдоо жана зымдарды алмаштыруу, жабдууларды алдын ала оңдоо иштери менен алектенет.
Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
  • 9:00дөн 11:00гө чейин — Исанов көчөсүнүн бир бөлүгүндө;
  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Власов, ДСП, 9-январь көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө;
  • 9:30дан 15:00гө — Көлбаев көчөсүндөгү №12, 14, 16, 18, 32, 34, 36, 38, 40 үйлөрдө;
  • 9:30дан 17:00гө чейин — Скрябин, Бектенов көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Бий, Широкий, Новосельский туюк көчөлөрү;
  • 9:30дан 11:30га чейин — 5-кичи райондогу № 1, 1/1, 2, 2/1, 3, 3/1, 4/1, 4/2, 6-8 үйлөрдө;
  • 9:30дан 18:00гө чейин — Ак-Босого (Чүй көчөсүндөгү №20-23, 45, 48 үйлөр, Садаев, Профессор Зима, Боталиев, Щербаков көчөлөрү) конушунда;
  • 9:40тан 14:00гө чейин — Керамической, Дачный, Кайыңды көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
  • 9:40тан 17:00гө чейин — Буденный, Саратовский, Фрунзе, Салиева көчөлөрү менен чектешкен аймакта;
  • 10:00дөн 15:00гө чейин — Элебесов көчөсүнүн бир бөлүгүндө, Зайсанский, Коллективный туюк көчөлөрү;
  • 11:00дөн 13:00гө чейин — Московский көчөсүнүн бир бөлүгүндө;
  • 11:30дан 14:30га чейин — 4-кичи районунда (Еврей мектеби);
  • 13:00дөн 17:00гө чейин — Элебаев, Байтик баатыр, Кулатов, Лев Толстой көчөлөрү менен чектешкен аймакта;
  • 14:00дөн 17:00гө чейин —Күрөңкеев, Үсөнбаев көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө;
  • 14:00дөн 17:00гө чейин — Орозбеков, Жибек жолу көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө;
  • 14:30дан 16:30га чейин — 4-кичи райондогу № 30-35 үйлөрдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0