Атамбаев ден соолугуна байланыштуу бүгүн дагы сотко келе албай калды

© REUTERS / VLADIMIR PIROGOVКыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2021
Жазылуу
Мурдагы мамлекет башчы №47 түзөтүүчү колонияда дарыланып жатат. Январда болгон сот анын баш коргоо чарасын өзгөртпөй койгон.
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу бүгүнкү сот процессине келе алган жок. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Кой-Таш окуясы боюнча ишти кароо процесси 17-февраль саат 14:00гө жылдырылды.
Белгилей кетсек, Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу ноябрь айынан бери сот отуруму бир нече ирет жылдырылды. Өткөн жылдын декабрь айында ал сотко катышкан, бирок андан кийин процесске келе албай калды.
14-январда сот Атамбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртпөй койгон.
Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2021
Өлкөдөн чыгып кеткен Сооронбай Жээнбеков бүгүн сотко чакырылды
Атамбаев 2020-жылдын аягында ден соолугу начарлап кеткенине байланыштуу УКМКнын тергөө абагынан №47 колонияга которулган. Адвокаттар мурдагы президенттин абалы начар экенин айтып, үй камагына чыгарууну суранышкан.
Атамбаев Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча айыпталып 11 жыл эки айга кесилген. Жогорку сот бул чечимди жокко чыгарып, ишти Биринчи май райондук сотуна жиберген. Январдын башында Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун баш коргоо чарасы боюнча чечимин карап, аны күчүндө калтырган (камакта калтыруу).
Атамбаев башка кылмыш иштери боюнча дагы айыпталып жатат, сот иштин баарын бир өндүрүшкө бириктирүү чечимин чыгарган.
Жаңылыктар түрмөгү
0