Эми учактар Бишкектен Москвага жумасына алты ирет каттай баштайт

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүУчакка отуруп жаткан жүргүнчүлөр. Архив
Учакка отуруп жаткан жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2021
Жазылуу
Мындай чечим эпидемиологиялык кырдаалдын турукташкандыгына, жаңы коронавирус инфекциясынын кирүүсүн жана жайылуусун алдын алуу боюнча ыкчам штабдын көрсөтмөсү боюнча кабыл алынган.
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. 8-февралдан тарта Кыргызстандан Россияга каттаган авиарейстердин саны өсөт. Бул тууралуу Россия өкмөтүнүн сайтында жазылган.
"8-февралдан тарта Москва — Бишкек каттамы жумасына бир каттамдан алты каттамга чейин көбөйтүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин жумасына бир эле рейс аткарылып турган.
Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалыматына караганда, мындай чечим эпидемиологиялык кырдаалдын турукташкандыгына, ошондой эле жаңы коронавирус инфекциясынын кирүүсүн жана жайылуусун алдын алуу боюнча ыкчам штабдын көрсөтмөсү боюнча кабыл алынды.
Жаңылыктар түрмөгү
0