ЕАЭБде 2025-жылы роумингди жоюп салуу пландалууда

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүМетродо киши смартфон менен
Метродо киши смартфон менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2021
Жазылуу
Мобилдик операторлор үчүн "Үйдөгүдөй" тарифи биримдиктеги өлкөлөрдөгү ички тариф менен роумингдин баасын теңөөдөн келип чыкмакчы.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдүн жарандары 2025-жылдан тарта биримдиктин ичинде "Үйдөгүдөй" мобилдик тарифин колдоно баштайт. Бул тууралуу "Российская газета" басылмасына берген маегинде Евразия экономикалык комиссиянын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу министри Арман Шаккалиев билдирди.
Мобилдик операторлор үчүн "Үйдөгүдөй" тарифи биримдиктеги өлкөлөрдөгү ички тариф менен роумингдин баасын теңөөдөн келип чыкмакчы.
"Демек, жарандар ЕАЭБдин кайсы мамлекетинде жүрбөсүн өз үйүндөгүдөй эле тарифти колдонуп, ошол эле акчаны төлөшөт. Учурда бардык өлкөлөрдүн мобилдик операторлору менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Алардын ар бири ар башкача иштейт. Кээ бири мүнөттүк тарифтерди колдонсо, айрымдагы 10 секунддук тарифке басым жасайт. Мунун баарын бир системага салышыбыз керек", — деди министр.
ЖИА бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Фархат Пакыров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2021
Радио
Пакыров: Кыргызстан ЕАЭБдин потенциалын толук колдоно албай жатат
Бул үчүн январь айында бардык тараптар шылуундарга каршы туруу маселесин талкуулашкан.
Шаккалиев кошумчалагандай, роумингдин арзандашы мобилдик операторлорго ири чыгым алып келбейт. Анткени анын ордун сүйлөшүүлөрдүн көбөйүшү менен толтуруп койсо болот.
Мисалы, Европа биримдигинде "Үйдөгүдөй роуминг" тарифинин кишини интернет колдонуулардын санын 5,5 эсеге, сүйлөшүүлөрдүн санын 2,5 эсеге жогорулаткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0