Көп кабаттуу үйдү куруу учурунда ишкер. Архив

УКМК кызматкерлерине көп кабаттуу 6 үй куруу үчүн тендер жарыяланды

104
(жаңыланган 11:22 04.02.2021)
Бишкектин Манас проспектисине курула турган турак үйлөр 2022-жылдын август айында аякташы керектиги дагы белгиленген.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине 9 кабаттан турган алты үй куруу үчүн тендер жарыяланды. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылган.

Анда социалдык, маданий жана турмуш-тиричилик багытындагы объектилери бар 9 кабаттуу турак үйлөрдү курууга 580 миллион 935 миң сом бөлүнөрү жазылган.

Тендердик сынакка катышууну каалагандар 25-февралга чейин тапшырык берүү керек.

Курулуштун долбоорунда Бишкектин Манас проспектисине курула турган турак үйлөр 2022-жылдын август айында аякташы керектиги дагы белгиленген.

104
Белгилер:
сом, миллион, тендер, курулуш, турак-жай, кызматкер, УКМК
Тема боюнча
Ипотеканы мөөнөтүнөн эрте кайтаруу: артыкчылыгы, кыйынчылыгы жана кеңештер
Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары, полковник Акылбек Ибраев

Ибраев: бир жоокердин күнүмдүк тамак-ашы 200-210 сомго бааланат

3
(жаңыланган 11:58 26.02.2021)
Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары, полковник Акылбек Ибраев 1-апрелден тарта күч түзүмдөрүнүн өздүк курамынын тамактануусу кыйла жакшыра турганын маалымдады.
Ибраев: бир жоокердин күнүмдүк тамак-ашы 200-210 сомго бааланат

Жоокерлердин күнүмдүк рационунун баасы 120-130 сомдон 200-210 сомго чейин жогорулатылды. Бул тууралуу Акылбек Ибраев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, азык-түлүк өлчөмүнүн бекитилгенинен бери 18 жыл өткөн.

"КРдин Куралдуу Күчтөрүндө жана башка күч түзүмдөрүндөгү катардагы жоокерлер үчүн бир токтом менен бекитилген азык-түлүк өлчөмү колдонулуп келген. Үстүбүздөгү жылдын 16-февралында килокалориясы жакшыртылган азык-түлүк нормасы бекитилди. 1-апрелден тарта КРдин куралдуу күчтөрүнүн катардагы жоокерлери, ЖАМКтын, ӨКМдин, УКМКнын, Мамлекеттик чек ара кызматынын жана ИИМдин ички аскерлеринин өздүк курамынын тамактануусу жакшырат. Мында курамы өзгөрүп, тамак-аштын жаңы түрлөрү киргизилди. Ал эми айрымдарынын өлчөмү жогорулатылды. Буга чейин жоокерлердин бир күндүк тамактануусунун баасы 120-130 сом болсо, эми 200-210 сомго чейин жетет. Анда эт, балык, макарон, суу майдын өлчөмү көбөйтүлдү. Мындан тышкары, ышталган колбаса, сыр, коюлтулган сүт, жумуртка жана жайкысын жер-жемиш, ал эми кышкысын анын ширеси кошулду", — деди Ибраев.

Полковник тамактардын рационун бекитүү үчүн атайын комиссия тарабынан изилдөө жүргүзүлгөнүн кошумчалады.

3
Белгилер:
токтом, жоокер, тамактануу
Тема боюнча
Калориялуу азыктар кошулду. КР аскерлеринин тамак-аш рациону өзгөрдү. Сүрөт
Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаев

Жуматаев: ЕЭК илимди интеграциялоо үчүн бирдиктүү фонд түзүшү керек

7
Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаев Кыргызстанда илим финансылык маселеден улам артта калганын айтты.
Жуматаев: ЕЭК илимди интеграциялоо үчүн бирдиктүү фонд түзүшү керек

Евразия экономикалык комиссиясынын алдында илимий-техникалык кеңеш түзүлгөн. Үстүбүздөгү жылдын 17-февралында Москва шаарында аталган кеңештин президиумунун экинчи отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Мурат Жуматаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, иш-чарада академик ЕАЭБ өлкөлөрүнүн инновациялык экономикасын өнүктүрүү стратегиясына өтүү шартында илимий техникалык кеңештин мааниси жөнүндө презентация жасаган.

"Буга чейин мамлекет жетекчилерин декабрь айындагы кабыл алуусунда ЕЭКтин интеграциясынын негизги стратегиялык багыттары кабыл алынган эле. Экинчи отурумда бул боюнча талдоо болду. Стратегиялык 11 приоритеттүү багыт бар. Анын сегизинчи багыты илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү интеграциялоо жөнүндө болчу. Биздин ЕЭКке киргенибизге беш жыл болуп калды. Анда мыйзамдарды бир нукка түшүрүп, бардык кагаз иштерин бирдей кылуу үчүн көп чечимдер кабыл алынган. Бирок бул чечимдерди ар бир өлкө ар башка түшүнүп, иш алып барууда. Илимий техникалык кеңештин түзүлүшүнүн себеби мына ушунда болуп жатат. Мунун алдында эксперттик кеңеш түзүлүп, ага ар бир өлкөнүн окумуштуулары кирди. Бардык багыттар боюнча аткарыла турган долбоорлор ушул жерде талкууланып, комисиянын алдынан өтүп, анан төрагага бериле турган болду. Мени кызыктырган нерсе, сегизинчи багыт илимий мекеменин интеграциясы болуп турат. Чын-чынына келгенде 30 жылдан бери Кыргызстанда илим финансылык маселеден улам артта калды. 16 жылдан кийин гана президент Илимдер академиясына келип кабар алды. Ал киши өкмөттүк чечимдер илимге негизделиши керек деп айтып, окумуштуулардын көңүлүн көтөрүп кетти. Бул отурумда да биз аябай чоң үмүт менен келгенибизди, ЕЭКтен чоң колдоо күтүп жатканыбызды айттым. Комиссиянын негизги максаты экономиканы теңдөө эмеспи. Экономика качан гана бардык мамлекеттин илим тармагы бирдей өнүккөндө теңелет. Ошондуктан илимий иштердин аткарылышынын механизми керек. Болбосо мурдагыдай эле иш улана берет", — деди Жуматаев.

Академик отурумда ЕЭК илимди интеграциялоо үчүн бирдиктүү фонд түзүп, илимий долбоордун маанилүүлүгүнө жараша каражат берилип, анан ишке ашырылышы керектиги тууралуу ачык айтылганын кошумчалады.

7
Белгилер:
Отурум, ЕЭК, Евразиялык экономикалык биримдик, академия, илим, Мурат Жуматаев
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда кыргыз-араб илим-изилдөө борборунун курулушу күтүлүүдө