БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Бишкек мэриясынын имаратынын алдында мектеп окуучуларынын ата-энелери митинг өткөрүп жатышат. Алар мамлекеттик мектептерди ачууну талап кылышууда.
Бала бакчаларды ачуу талабы дагы айтылды. Митингге 20га жакын адам чогулган. Алар онлайн-сабак бир гана Бишкекте уланып жатканына каршы болушууда.
Ата-энелердин алдына социалдык маселелер боюнча вице-мэр Айжан Чыныбаева чыкты. Ал шаарда 200 миңге жакын окуучу бар экенин, билим берүү жайларынын имараттары 211 пайызга толуп калганын белгиледи. Вице-мэр так ушул себептен улам Бишкектин мектептери региондордукундай болуп ачыла албай жатканын билдирди.
Ата-энелер мектептер жабык турса соода борборлор эмнеге ачылып калганы боюнча дагы суроо узатышты.
"Ооба, соода борборлор ачык, бирок ал жакка бир эле учурда 200 миң адам барбайт. Тез арада жаңы мектеп кура калуу мүмкүн эмес. Жайында коронавирустан адамдар өлүп жатканда элдин баары система күнөөлүү экенин айтып чыгышкан. Эгер мектеп ачылгандан кийин өлүм катталса сиздер бул жерге дагы келесиздер. Сиздерден башка ата-энелер мектептер ачылса мэрияны өрттөп кетебиз деп коркутуп жатышат", — деди Чыныбаева.
30-январь күнү Бишкек мэриясы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу офлайн окуу режимине өтүүнү башка учурга жылдырып койгон.
18-январдан бери 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары мектепте билим алып жатышат. Буга чейин эки мектептен коронавирус менен ооруган окуучулар аныкталганы айтылган.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +9...+14 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, ал эми Нарын аймагында -1...+4 градуска чейин жылуу болору айтылды.
Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +12...+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, +13...+15 градус жылуу болот.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Жалил Атамбаев кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, ички иштер органдарынын мурунку кызматкери Атамбаевге каршы козголгон бир катар кылмыш иштери боюнча, анын ичинде мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз баюу фактысы тууралуу тергөө иштери жүрүп жатат.
"Ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери болуп саналган Жалил Атамбаев олуттуу финансылык ресурстарга ээ болуп, кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү өзүнүн жакын туугандарынын атына каттатып алган", — деп айтылат маалыматта.
Шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту ("Мыйзамсыз баюу") боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.