Лампочка. Архив

Жума күнү Бишкектин айрым жерлеринде жарык өчөт. График

42
(жаңыланган 17:51 04.02.2021)
Электриктер трансформатордук көмөк чордондорду оңдоо жана зымдарды алмаштыруу, жабдууларды алдын ала оңдоо иштери менен алектенет.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Бишкектин айрым аймактарында жума күнү, 5-февралда, жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • 9:00дөн 14:00гө чейин — 5-кичи райондо (№10, 10/1, 16, 16/1 үйлөр);
  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жатаканасы менен морфокорпусунда, Ден Сяопин проспектисинин бир бөлүгүндө, Власов жана 9-январь көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө;
  • 9:30дан 12:00гө чейин — Марат, Кузбасский, Тимур Фрунзе, Калужский, Лущихин жана Черноморский көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
  • 9:30дан 17:00гө чейин — Буденный жана Салиева көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
  • 9:30дан 18:00гө чейин — Ак-Босого (Чүй, 20-23 көчөлөрү) конушу;
  • 9:40тан 14:00гө чейин — Эркиндик проспектиси, Боталиев, Щербаков жана Дзержинский көчөлөрү менен чектешкен аймакта;
  • 10:00дөн 15:00гө чейин — Жибек жолу проспектисинин бир бөлүгүндө, Айтматов, Древесной, Осмонкул, Тыныстанов, Тургенев, Мичурин көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Өзгөн жана Александровский туюк көчөлөрүндө;
  • 10:00дөн 17:00гө чейин — 5-кичи райондо (№ 42-46, 55, 56 үйлөр, №71 бала бакча);
  • 12:00дөн 17:00гө чейин — Аул, Хвойный, Кожевенный көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө.
42
Белгилер:
"Түндүк Электр" ишканасы, жарык өчүрүү, Бишкек
Тема боюнча
Жаздын илеби келип... Бир жумага карата аба ырайы
Партктагы гүлдөр. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

52
(жаңыланган 21:08 03.03.2021)
4-мартка караган түнү республиканын көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +9...+14 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, ал эми Нарын аймагында -1...+4 градуска чейин жылуу болору айтылды.

Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +12...+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, +13...+15 градус жылуу болот.

52
Белгилер:
март, Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Төө-Ашуудагы тайгактан жүк ташуучу унаалар өйдө чыга албай жатат. Видео
Кишенчен киши. Архив

Бизнесмен Жалил Атамбаев кармалып, камакка алынды

910
(жаңыланган 19:15 03.03.2021)
Шектүү мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз негизде байыган деп УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Жалил Атамбаев кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ички иштер органдарынын мурунку кызматкери Атамбаевге каршы козголгон бир катар кылмыш иштери боюнча, анын ичинде мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз баюу фактысы тууралуу тергөө иштери жүрүп жатат.

"Ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери болуп саналган Жалил Атамбаев олуттуу финансылык ресурстарга ээ болуп, кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү өзүнүн жакын туугандарынын атына каттатып алган", — деп айтылат маалыматта.

Шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту ("Мыйзамсыз баюу") боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

910
Белгилер:
бизнесмен, камак, мыйзамсыз, Жалил Атамбаев
Тема боюнча
Жеке клиниканын башкы дарыгери Матраимовдун абалы начар экенин айтты
УКМК ЖК депутаты Абжалиевди мыйзамсыз байыган деп иш козгоду