БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Депутат Кубанычбек Жумалиевдин баш коргоо чарасы тандалып, 4-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.
Жумалиев бүгүн кармалып, сотко алынып келген. Алдын ала маалымат боюнча, ал коррупцияга шектелип жатат.
Белгилей кестек, Жумалиевдин жакын туугандарынын үстүнөн германиялык инвестордон алдамчылык фактысы боюнча арыз түшкөн. Алар инвестордон 1 миллион долларлык жабдууну алып, 200 миң долларын берип, калганын бербей койгону айтылган. Финпол аларды кармап, компанияларын тинткен. 2-февралда кармалгандар үй камагына чыккан.Ал эми былтыр май айында Башкы прокуратуранын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 323 ("Мыйзамсыз баюу") жана 324-беренеси ("Кызмат адамдарынын ишкерликке мыйзамсыз түрдө аралашуусу") боюнча иш катталган. Анын алкагында Жумалиевге карата Финпол сотко чейинки өндүрүш ачып, мүлкүн териштире баштаган болчу.
Көп өтпөй бир катар кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн уставдык капиталында Жумалиевдин үлүшү бар экени белгилүү болгон. Ошондой эле ал уюмдаштыруучу, жетекчи болуп саналары жана Жумалиевдин жакын туугандарынын көп сандаган мүлкү аныкталган.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кыргызстанда "Манас" театрын ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып айтты.
Мамлекет башчы алдыда "Манас" эпосун даңазалоо боюнча атайын программа иштеп чыгуу жана каржы булагын табуу милдети турганын белгиледи.
"Манас" театрын ачуу боюнча алгачкы кадамдар жасалууда. Анын жардамы менен мамлекет манасчыларга кам көрүп, аларды бириктирип, ушул өнөрдү жайылтат", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле "Манас" эпосу темасы ар бир театрдын репертуарында болушу керектигин белгиледи.
Өлкө башчы маданият тармагынын өкүлдөрүнө кайрылып, театрларды эффективдүү иштетүүнүн жолун таап, алардын чыгармачылыгын өстүрүү башкы милдет экенин айтты.
Жапаровдун белгилешинче, улуттук маданиятты өнүктүрмөйүн элдин жашоо-шартын жакшыртууга болбойт. Ал заманбап таланттуу акындардын, жазуучулардын жана композиторлордун жаңы чыгармалары элге керек болуп турганын белгиледи.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Жекшемби күнү, 28-февралда, республика аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Маалыматка ылайык, тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +4...+9, Талас жергесинде +3...+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5...+10, Ысык-Көл аймагында 0...+5, ал эми Нарында -1...-6 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкек шаарында жана Ош калаасында +5...+7 градусту көрсөтөт.