БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев Эл аралык медициналык университетке лицензияны мыйзамсыз алган жана башка бир катар мыйзамдарды бузган деп шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, Жумалиев бүгүн коррупцияга шектелип кармалып, Биринчи май райондук сотуна алып келинген. Сот анын баш коргоо чарасын тандап, эки айга камакка алган.
"Депутат Кубанычбек Жумалиев өзүнүн саясий таасирин колдонуп, кысым көрсөтүү менен Эл аралык медициналык университетине лицензияны мыйзамсыз алгандыгы аныкталды. Тиешелүү комиссия окуу жайга уруксат кагаз берүүдөн баш тарткан. Бирок Жумалиевдин таасири алдында комиссиянын корутундусу оң жагына өзгөртүлүп, лицензия берилген", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Жумалиев жана ага байланышы бар адамдар тарабынан кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу жана салык төлөөдөн баш тартуу, мыйзамсыз баюу фактылары аныкталганы айтылды.
УКМКдан кошумчалашкандай, Жумалиевге 4-февралда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү ("Коррупция") менен каралган кылмышка шектүү экендиги жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөн.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Австрияда 41 бейтап Pfizer жана BioNtech вакцинасын алгандан кийин көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Ага ылайык, ошол эле маалда дарыгерлер бейтаптардын өлүмү менен препараттын ортосундагы байланышты аныкташкан эмес.
Отчетте белгиленгендей, үч бейтаптын эмдөөдөн кийин дароо эле көз жумганы сөөктү сойгон соң билинген. Дагы 11 адам эмдөөнү коронавирустун инкубациялык маалында алып каза тапкан. Калган 19 кишинин оорусу өлүмгө алып келди деп боолголонсо, сегизинин өлүмүнүн себеби учурда такталып жатканы айтылды.Декабрь айынын башында америкалык Pfizer жана германиялык BioNTech компаниялары биргелешип чыгарган вакцина COVID-19га каршы АКШда жана Европа өлкөлөрүндө эмдөөгө колдонула баштаган.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Коронавирустун "нигериялык" штаммы Италиянын түндүгүндөгү Ломбардия провинциясынын Брешия шаарында табылды. Бул тууралуу ANSA агенттиги Италиянын вирусологдор коомунун президенти, микробиологиялык лабораториянын директору Арнальдо Карузого таянып билдиргенин РИА Новости жазды.
Адистин билдиришинче, бул штамм улам-улам мутацияланып турат, учурдагы вакциналар натыйжасыз болушу мүмкүн.
Нигерияда коронавирустун жаңы штаммы табылганы декабрь айында маалым болгон. Африкалык ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун (CDC) маалыматы боюнча, жаңы вариант Нигериянын Осун штатында чогултулган үлгүлөрдүн арасында эки бейтаптын анализин изилдөөдө табылган.
Буга чейин декабрдын орто ченинде Улуу Британияда коронавирус — VUI-202012/01 мутациясы табылган. Кийинчерээк ал мурунку вируска салыштырмалуу 56-70 пайызга тезирээк тарай турганы маалым болгон. Ошондой эле бул штамм бейтаптарды өлүмгө алып келиши мүмкүн экени айтылган болчу.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Оштун Кара-Суу районундагы Жоош айыл аймагынын Маданият айылында мектеп толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Өрт кечээ, 2-март күнү, саат 18:28дер чамасында чыккан.
Анда Султанов көчөсүндөгү №42 орто мектебинин жыгач устундуу шифер жабылган 262 чарчы метр чатыры жана 212 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн.
Окуя болгон жерге үч өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, саат 20:15те тилсиз жоо толугу менен өчүрүлгөн.
Учурда кырсыктын себеби такталууда.