БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Аялдар күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова спорттон тыш профессионалдык сүрөттөрү менен Facebook баракчасына бөлүштү.
Кадрлардан балбан жаратылыш койнунда улуттук колориттеги көйнөк менен сүрөткө түшкөнүн көрүүгө болот.
"Кыргыз Республикасы", — деп балбан өлкөнүн желегинин смайлигин койгон.
Интернет колдонуучулары спортчу кыздын сүрөтүнүн алдына суктанган билдирүүлөрдү калтырууда.
Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандын тарыхында чоңдор арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатын уткан алгачкы спортчу. Былтыр дүйнө кубогун да утту.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Артём Новиков кыргызстандыктарды улуттук баш кийим — Ак калпак күнү менен куттуктады.
Куттуктоо видеосу Новиковдун Facebook баракчасына жарыяланды.
"Кадырлуу кыргыз элим, урматтуу достор. Бүгүн мамлекетте өзгөчө майрам — Ак калпак күнү. Ак калпак кыргыз элинин башкы белгиси жана ыйык буюму. Ак калпак — бул эр жүрөк, курч мүнөз жигиттин белгиси. Ак калпак — бул Ала-Тоо. Ошон үчүн бийик бололу, Кыргызстан бийиктикте болсун. Майрамыңыздар менен куттуктайм!" — деди Новиков.
Белгилей кетсек, Ак калпак майрамы Кыргызстанда 2011-жылдан бери майрамдалып келет. 2016-жылы Жогорку Кеңеш 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп расмий бекиткен. Бул майрам жер-жерлерде белгиленип, мырзалардын күн бою ак калпак кийип жүрүшү салтка айланган.
Минихоят Закиуллаевна мактанганды жактырбайт. Бирок анын эмгек жолу эле баарын айтып турат. Ажарлуу айымдын 45 жылдык иш тажрыйбасы бар. Көп жылдык эмгек анын кесибине болгон сүйүүсүн мокото алган эмес. Ал түтүктөрдү, металлдан жасалган конструкцияларды жогорку чеберчилик менен ширетет.
Адистин айтымында, 1970-жылдары советтик жаштар ушундай сыяктуу кесиптерге кызыгышчу. Себеби өлкөдө ГЭС, ТЭЦ жана башка ири объектилер курулуп жаткан. Тиги же бу кесиптин артыкчылыктарын айтып берген үгүтчүлөрдүн дагы салымы чоң эле.
"Ширетүүчүлүк менен алектене турган кыздарды топтоо демилгеси көтөрүлүп, жыйынтыгында каалоочулардын саны арбып, бир группа түзүлгөн. Училищени аяктагандан кийин 1976-жылы биз Сыр-Дарыя ГЭСинде иштедик. Жөнөкөй нерседен баштап акырындык менен жоопкерчиликтүү иштерге өтө баштадык", — деди маектеш.
Кыргызстандык айым практика учурунда эле тандоосунан адашпаганын түшүнгөн.
"Колуң ишке көнүп калгандан кийин кызыгуу ого бетер күч алат. Сага маанилүү иштерди табыштай башташат. Мындай учурларда сенден керектүү адис чыкканын сезе баштайсың", — деди Семенюта.Учурда Минихоят Закиуллаевна алтынчы разряддагы тажрыйбалуу кызматкер. Бул эң жогорку жана жоопкерчиликтүү категория. Ошентсе да ал өзүнүн ишин оор деп эсептебейт.
"Бул силер элестеткендей оор иш эмес... Тескерисинче, абдан кызыктуу. Мында жонуңа бир нерсе көтөрүп жүрүү зарылдыгы жок. Эң башкысы, сенин ишиңден кийин бирөө жарым кулап же сынып калбашы керек. Бул, албетте, чоң жоопкерчилик. Бирок ошентсе дагы кооптуулук жок", — деп ишендирди ал.
Семенютанын жумушундагылар ага сый-урмат менен мамиле жасашат. Бул айымдын кесибин уккан адамдар адатта таң калышат. Ширетүүчү айымдар аз эмеспи.
Минихоят Закиуллаевна 45 жылдык эмгек жолунда бир дагы жолу кесибин алмаштыруу жөнүндө ойлонуп көрбөгөнүн кошумчалады.
Редакция КамАЗ айдап Кара-Кечеден көмүр ташып суктанткан айым тууралуу да материал даярдаган.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Аялдардын эл аралык күнүнүн алдында өлкөнүн бардык аймактарынан келген, ар кайсы кесиптин өкүлдөрү болгон айымдар менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчы жолугушуунун катышуучуларын келе жаткан майрамы менен куттуктап, Кыргызстандын соӊку тарыхындагы оор сыноолорду аялдар чыдамкайлыгы жана кайраттуулугу менен көтөрүп, жеңип чыккандыгын белгиледи. Иш-чарада биринчи айым Айгүл Жапарова дагы катышкан.
"Жергебизде тынчтыктын өкүм сүрүшүндө, жашоо-турмуштун оң жагына ооп, бир нукка түшүп, өнүгүүгө карай бурулушунда сиздердин эмгегиңерге баа жетпейт. Кыргыз коомунда аялзаты эзелтеден эле урматталып, анын коомдогу жана саясий турмуштагы ээлеген орду абдан жогору бааланган. Акылман, кайраттуу, эмгекчил жана ажарлуу аялзатынын образдары катары Чыйырды, Каныкей, Айчүрөк, Кыз Сайкал, Жаңыл Мырзанын ысымдары элибиздин аң-сезимине бекем орноп, жүрөгүнөн түнөк тапкан", — деди президент.
Жапаровдун белгилешинче, бүгүн өлкө айымдары ар кайсы чөйрөлөрдө иштеп, коомдук турмушка активдүү катышууда. Ошол эле учурда алар ишке жоопкерчилик менен мамиле жасап, демилге көтөрүп, реформаларды колдоп, жаңы жетишкендиктерге умтулуу менен бирге, эң жогорку кесипкөйлүктү көрсөтүп келишүүдө.
Мамлекет башчы дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясы аялдардын түйшүгүн ого бетер көбөйтүп, мойнуна кошумча мээнет жүктөгөнүн кошумчалады.
"Биз аял врачтардын, медайымдардын, волонтёрлордун каармандыгын, жөнөкөй жарандарыбыздын өтөгөн эмгегин эч качан унутпайбыз. Алар бул илдетке каршы күрөштө алдыңкы катарда турушту. Өлкөдө болуп жаткан соңку өзгөрүүлөр, жаңылануу курсунун ишке ашырылышы кыргызстандык аялдардын түйшүгүн жеңилдетип, укугун коргойт деп ишенебиз. Ушул жаркыраган Жаз майрамында сиздерге бекем ден соолук, бакыт-таалай, бейпилдик жана бакубатчылык каалайм!" — деди Жапаров.
Өз кесиптеринде өзгөчөлөнгөн айымдар — мугалимдер, врачтар, ишкерлер, спортчулар сөз сүйлөп, президенттин куттуктоосуна ыраазычылыктарын билдиришти. Ошону менен бирге өз тармактарындагы актуалдуу маселелерге учкай токтолушту.