БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө дарыланууга кетип жатканын Facebook баракчасы аркылуу билдирди.
"Мен эртең, 6-февралда, чет өлкөгө дарыланууга барганы жатам. Биздин дарыгер Калдарбек Абдрамановдун сунушу менен барууга мажбур болдум. Артыман ар кандай сөздөрдү айтпастан дуба кылып туруңуздар. Сиздердин жардамга муктажмын. Буюрса, баары жакшы болот. Элибиздин келечеги үчүн бүт өмүрүмдү арноого милдеттүүмүн", — деген Ташиев.
Эске салсак, УКМК төрагасы 2020-жылдын ноябрь айында ооруканага жатып, дарыланып чыккан.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Артём Новиков борбор калаадагы мектептердеги окуучулардын ата-энелери менен жолугушуп, билим берүү мекемелеринин ишин жандандыруу маселесин талкуулоону пландап жатат.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Новиков борбордогу мектептер менен бала бакчалардын ишин этап-этабы менен калыбына келтирүү боюнча кеңешме өткөргөн.
Мэриянын өкүлдөрү аткарылып жаткан иштер жана билим берүү процессин салттуу форматта жандандырууга даярдыгы жөнүндө айтып беришкен.
"Мектептердин жана бала бакчалардын ишин жандандыруу калк үчүн маанилүү. Жакынкы күндөрү окуучулардын ата-энелери менен жолугушуп, ушул темада талкуу жүргүзүүнү пландап жатам. Бул иштерди аткарууда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин так сакталышын камсыз кылуу маанилүү", — деген Новиков.
Ошондой эле ал Билим берүү жана илим министрлигине Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте "Мектеп медицинасы" долбоорун ишке ашыруу үчүн финансылык эсептөө жүргүзүүнү тапшырган. Министрлик бир жуманын ичинде каржы булагын да аныкташы керек.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Шаршембиде күндүз республиканын кээ бир аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +1…+6, Таласта +2…+7, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +6…+11, Ысык-Көл жергесинде +3…+8, Нарын өрөөнүндө -2…+3 градус болору боолголонду.
Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаайт. Күндүн табы борбордо +4…+6, Ош шаарында +9…+11 градус болот.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Сокулуктагы убактылуу кармоочу жайда бир киши каза болгонун Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
2-март таң эрте Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайынын күзөтчүсү камактагы 51 жаштагы эркек кишини эс-учун жоготкон абалда тапкан.
"Окуя болгон жерге дароо Тез жардам кызматы чакырылып, медиктер киши көз жумганын аныкташкан. Анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды", — деп айтылат билдирмеде.
Каза тапкан адам Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") менен шектелип, эки айга камакка алынган.
Ишти ар тараптуу жана объективдүү иликтөө үчүн текшерүү дайындалган. ИИМ, Чүй ОИИБи менен прокуратура жетекчилиги ишти көзөмөлгө алган. Аталган факт каттоого алынып, чогултулган материалдар кошумча иликтөө үчүн УКМКга өткөрүлүп берилген.