Кара-Сууда мугалим, дарыгерлер үчүн көп кабаттуу үйлөр курулат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКуруучулар жумуш учурунда. Архив
Куруучулар жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2021
Жазылуу
Облус жетекчиси турак жай маселесин көп кабаттуу үйлөрдү куруу менен гана чечүүгө болорун билдирген.
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн аймагында мугалим, дарыгерлер үчүн көп кабаттуу үйлөрдүн шаарчасы курулат. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, заманбап талаптарга ылайык, күндөн энергия алуучу батареялары менен 6 кабаттуу үйлөр салынат. Ал жергиликтүүлөр үчүн ыңгайлуу баада, узак мөөнөткө бөлүп төлөө шарты менен сатылат.
Облус жетекчиси Жарасул Абдураимов аталган айылга барып, турак жай маселесин көп кабаттуу үйлөрдү куруу менен гана чечүүгө болорун билдирген.
"Азыр жер тартыш, айдоо, себүү үчүн да жер болбосо азык-түлүк кымбаттап, каатчылык күч алат. Бирок көп кабаттуу турак жайлардын шарты жакшы болушу керек. Жылытуу системасы жок, ажатканасы сыртта болгон үйлөрдү курганча жөн эле койгула. Бул талапты аткара ала турган курулуш компаниялары бар, өзүм сүйлөшүп жатам. Курулуш үчүн алты гектар жерди жергиликтүү бийликтин балансына өткөрүп алууда тоскоолдуктар жаралууда. Бирок өкмөт башчысы бул идеяны колдоп, ушул күндөрү токтомго кол коюп жатат", — деди Абдураимов.
Мындан сырткары, ал жергиликтүү тургундар үчүн үй салуу максатында ушул эле Катта-Талдык айыл өкмөтүнөн 44 гектар жерди трансформациялоо иштери жыйынтыкталып калганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0