Адис уктаар алдында тамактануунун зыяны жөнүндөгү сөздү жокко чыгарды

CC BY-SA 2.0 / Thomas Lübke / Just lookingМуздаткычтын жанында турган кыз. Архив
Муздаткычтын жанында турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2021
Жазылуу
Дарыгердин айтымында, күнүмдүк калорияны билүү үчүн адис менен кеңешсе болот, ал эми диета жеке тажрыйбанын негизинде тандалышы керек.
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Тамактануу убактысы салмактын сакталышына же арыктоого таасир этпейт, калориянын күнүмдүк керектелишин көзөмөлдөө керек. Бул тууралуу дарыгер жана диетолог Филипп Кузменко билдиргенин Sputnik радиосу жазды.
Дарыгердин айтымында, күнүмдүк калорияны билүү үчүн адис менен кеңешсе болот, ал эми диета жеке тажрыйбанын негизинде тандалышы керек. Ошентип, эгер адам тоюп алгандан кийин жакшы уктай албаса, анда ашыкча тамак ичпей, йогурт ичип же быштак жеп уктаса болот.
"Мунун бардыгы ушунчалык индивидуалдуу болгондуктан, айрым так сандар адамдын башын айландырат. Ар ким өзүнө ылайыктуу диетаны өзү тандап алышы керек", — деген Кузменко.
Адис кошумчалагандай, күн бою эч нерсе жебей жүргөн адам кечинде калориялуу тамак жеши мүмкүн. Эгер тамактангандан кийин өзүн жакшы сезсе, уктап, эртең менен сергек ойгонсо мунун ден соолукка зыяны жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0