Маскачан адам. Архив

Киши өзүндөгү байкалбаган COVID-19ду кантип билсе болот

347
(жаңыланган 09:48 05.02.2021)
Коронавирустун байкалбаган түрү менен ооруган кишинин жаны жер тартып, бүткөн бою салмактанып, саламаттыгы анча жакшы болбойт, бирок инфекцияга кабылганын аңдабайт.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Россиялык эпидемиолог Ольга Ненастина киши COVID-19дун байкалбаган түрү менен ооруганда организмде кандай белгилер болорун айтып бергендигин "Московский комсомолец" басылмасы жазды.

Дарыгер коронавирусту жуктургандардын болжол менен 20 пайызында илдет байкалбай өтүп кетерин түшүндүрүп берди. Эгерде адам организмине жакшылап байкоо салса, оорунун белгилерин табат.

"Маселен, туруп-туруп эле чарчаганына арызданышып, башы айланып же ооруп, "булчуңдар менен муундар сыздатып жатат" дешет. Илдетке чалдыкканда адамдын ооз көңдөйүндө да көйгөй жаралат, ар кайсы жерлери шишип жана тамактын даамын өзүндөй кылып сезе албайт", — деген эпидемиолог.

Кээ бир адамдар бул белгилерге маани бербей, дарыгерге кайрылбай жүрө берип оору жеңил түрдө өтүп кетет. Адис мындай кишилерде антитело пайда болгону менен баары бир пандемия учурунда санитардык эрежелерди карманышы керектигин айтты.

347
Белгилер:
антитело, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1324)
Тема боюнча
Жумалиева: кызыл зонадан чыкканда өтүгүбүздөн 4-5 литр тер төкчүбүз
Медициналык кызматкер шприцке COVID-19 каршы вакцинаны алып жатат. Архив

Ашказан-ичеги оорусу барлар вакцина алса болобу? Адистин жообу

42
(жаңыланган 23:14 07.03.2021)
Буга чейин ашказан, тамак сиңирүү органдары ооругандар эмдөөдөн өтсө болобу деген маселе коомчулукта кайра-кайра көтөрүлгөн.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Ашказан, ичеги-карын оорулары менен жабыркаган адамдар коронавируска каршы вакцина ала алышат. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Москванын Саламаттык сактоо департаментинин штаттан тышкаркы башкы гастроэнтеролог адиси Дмитрий Бординдин айтымында, тамак сиңирүүсү начар бейтаптар SARS-CoV-2ге каршы эмдөөдөн өтө алат.

"Буга чейин ичегиси сезгенип, ашказаны ооругандар эмдөөдөн өтсө болобу деген маселе коомчулукта кайра-кайра көтөрүлгөн. Январь айында ал боюнча эл аралык сунуштама чыкты, февралда аталган илдет боюнча иш алып барган бүткүл россиялык коом да бир пикирге келди. Ичеги-карыны жакшы иштебегендер коронавируска каршы вакцина алышы керек", — деди Бордин.

Буга чейин адистер эмдөөнүн кыйыр таасири туурасында кеп кылып, анын иммунитеттен көз каранды эместигин айтышкан эле.

42
Белгилер:
кеңеш, дарыгер, эмдөө, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1324)
Тема боюнча
ДССУ башчысы коронавирус пандемиясын согуш менен салыштырды
"Спутник V" Pfizer вакцинасын озду. Аны дүйнөдө 45 мамлекет жактырды
Окумуштуу: эмдөө карылыкты токтотууга жардам берет
Жоогазындар. Архив

8-мартка карата аба ырайы

72
7-марттан 9-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунун жолдоруна кар көчкү түшүп, күрткү пайда болушу мүмкүн.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. 8-мартка караган түнү өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында кар жаайт. Дыйканчылык өрөөндөрдө жаан-чачындын болушу болжолдонгон жок. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурсы Чүй облусунда +10...+15, Таласта +9...+14, Ош, Жалал-Абад жана Баткен жергесинде +12...+17, Ысык-Көлдө +6...+11, Нарын аймагында +4...+9 градус болору айтылды.

Синоптиктер Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, борбор калаада термометр +10...+12, ал эми экинчи борбор Ошто +15...+17 градусту көрсөтүп турарын билдиришти.

72
Белгилер:
Кыргызстан, март, аба ырайы
Тема боюнча
Автоунаа ээлери, абайлагыла. Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү
Жеңил атлетчилер марафон учурунда. Архив

Кыргызстандык жеңил атлетчилер Беларуста бир нече медаль алышты

0
(жаңыланган 00:16 08.03.2021)
Аталган спорттук иш-чарада кыргызстандык спортчулар баш-аягы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медаль алышты.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, үч коло медаль тагынды. Бул тууралуу КРдин Жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.

Кыргызстанские легкоатлеты во время соревнований в Беларуси
© Фото / пресс-служба федерации легкая атлетика КР
Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, үч коло медаль тагынды

Маалыматка ылайык, Минск шаарындагы мелдеште узундукка секирүү боюнча Светлана Майер биринчи орунга жетип алтын медалга татыган. Анастасия Бондаренко 200 жана 60 метрге чуркап коло менен күмүш медаль алса, ал эми Артем Слесаренко 60 метрге чуркап коло медалга ээ болгон.

Дагы бир жөө күлүк Калыс Таштанов 1500 метр аралыкта марага биринчи жетип алтын, 800 метр аралыкта үчүнчү келип коло медалды байге куржунуна салган.

Аталган спорттук иш-чарада кыргызстандык спортчулар жалпы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медаль алышты. 

0
Белгилер:
медаль, мелдеш, жеңил атлетика, Беларусь
Тема боюнча
Надыров: Ысык-Көл марафонунун байге фонду 1 млн. 44 миң сомду түзөт
ШКУнун эл аралык марафону 15-майда Чолпон-Ата шаарында старт алат