15-февралдан тарта Бишкектин мектептеринде электрондук каттоо башталат. Чүрпөлөрүн 1-класска киргизип жаткан ата-эненин баары эле анын жол-жобосун биле бербейт. Андыктан Sputnik Кыргызстан агенттиги Билим берүү жана илим министрлигинин адистери менен сүйлөшүп, эрежесин түшүндүрүүгө аракет кылды.
Бишкек, Ош, Кара-Балта, Кызыл-Кыя, Жалал-Абад шаарларында электрондук каттоо 15-февралдан 15-августка чейин жүргүзүлөт.
Быйыл бул долбоор Каракол, Нарын, Баткен, Талас, Кара-Суу шаарларына да киргизилди. Аталган шаарларда электрондук каттоо 15-апрелде башталып 15-августта бүтөт.
Бардыгы бир эле системага кирет. Арыз толтуруу формасы да окшош.
Алгач https://www.mektep.edu.gov.kg/ сайтына кирүү керек. Сайт ачык, баарына жеткиликтүү, акысыз. Ал жерде керектүү маалыматтар бар. Мисалы, "статистика" деген бөлүктө ар бир мектеп, анын дареги, 1-класска канча квота берилгендиги тууралуу жазылган. Бул бөлүктөн каалаган мектепте 1-класска бала толуп-толбогонун билип алса болот. Керектүү маалымат алгандан кийин арыз толтурууга өтөсүз.
1-кадам. Башкы бетинде "арыз берүү" деген баскычты басып, ал жактан бош жерди толтуруу керек. Алгач ата-эненин же баланы караган мыйзамдуу өкүлдүн аты-жөнү, паспорттогу керектүү маалыматтары, жашаган дареги, телефон номерлери, электрондук дареги жазылып, документтердин көчүрмөсү тиркелет. Электрондук даректери (почта) жоктор аны сөзсүз ачканы абзел. Анткени мектеп тууралуу маалымат электрондук почтага келип турат.
2-кадам. Андан соң 1-класска кире турчу бөбөктүн аты-жөнү, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндөгү маалымат жазылып, документтеринин көчүрмөсү тиркелет.
3-кадам. Бала бара турчу мектеп тандалат.
Эгер электрондук арыз туура эмес толтурулуп калса, үч күндүн ичинде ата-эненин электрондук дарегине эмнеси туура болбой калгандыгы тууралуу маалымат келет;
Белгилей кетсек, баланы мектепке электрондук түрдө каттап жатканда болгону үч документ керек. Алар: ата-энесинин биринин паспорту, баланын күбөлүгү жана жашаган жеринен маалымдама. Үчөөнү тең сканерден өткөрүп же сүрөтүн арыз толтуруп жаткан жерге тиркеп коесуздар.
Бул документтерди ата-эне электрондук каттоодон өткөндөн кийин 15 күндөн соң алып барат. Алар:
аскер кызматкерлеринин балдары (кызмат өтөп жаткан ата-энелер паспортунун көчүрмөсүн, аскердик күбөлүгүн, сүрөтүнүн көчүрмөсүн алып келүүсү абзел);
Кыргызстанга көчүп келген кайрылман статусу бар этникалык кыргыздардын балдары (кайрылман статусун тастыктаган документин көрсөтүшү зарыл).
http://www.mektep.edu.gov.kg/ сайтынын өзүндө түшүнбөгөн суроолор үчүн бош жер бар. Эгер такыр эле сайтка кире албай же колдоно албай жатса, ата-энелер төмөнкү номерлерге чалса болот:
0312 54 30 24, 0706 12 22 11, 0776 12 22 114, 0556 12 22 11.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан Жайыл, Токтогул райондорундагы жана Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун Талды-Булак айылындагы посттор 25-февраль таңкы саат 06:00гө чейин убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Бул премьер-министрдин буйругунун негизинде болгон.
"Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу болгондуктан Жайыл районунун Сосновка, Токтогул районунун Арал постторунда жана Суусамыр — Талас — Тараз жолунун Талды-Булак айылындагы постунда автоунаалардын бардык түрүнө таңкы саат 06:00гө чейин убактылуу чектөө киргизилди", — деп кабарлаган ӨКМ.
Эске салсак, Бишкек — Ош жолунун 132-чакырымында көлөмү болжол менен 1800 м3 кар көчкү түшкөндүктөн учурда жол жабылган.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Россияга иш сапар менен барган президент Садыр Жапаров Москва шаарында Россияда жашаган кыргызстандыктар менен жолугушууда. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ал Россия президенти Владимир Путин менен жолугушуунун жыйынтыктары, анын ичинде Россияда эмгектенген кыргызстандыктардын маселеси дагы талкууланганы тууралуу маалымат берген.
Жапаров сыртта иштеп жүргөн кыргызстандыктардын алдында сүйлөп жатып, эң биринчилерден болуп "Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө" жарлыкка кол коюлганын билдирген.
"Менин максатым — элибиздин көйгөйлөрүн чечүү, Кыргызстандын бардык жарандарын жумуш орундары менен камсыздап, татыктуу жашоого алып келүү. Ошондой эле чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештердин Мекенге кайтып келүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү", — деген Жапаров.Кыргызстан турак жай ээлери салык төлөөдөн качып, чет элдик жарандарды каттоого тургузуудан баш тартышкандыгынын натыйжасында келип чыккан мигранттарды каттоо көйгөйлөрүнө көңүл бурган.
"Казакстанда бул багытта "кабарлоо тартиби" деген жакшы тажрыйба бар: жарандар мамлекеттик органга келген жана иштеген жери жөнүндө билдирүү гана жөнөтөт, андан кийин ал каттоого турат. Ушундай эле жол-жобону ЕАЭБдин алкагында киргизүүнү сунуштайбыз", — деген Жапаров.
Эске салсак, бүгүн Жапаров Россияга иш сапары менен барып, Россия лидери Владимир Путин менен жолуккан.