Бишкек менен Оштун прокурорлору кызматынан бошотулду

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик кызматкер. Архив
Мамлекеттик кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2021
Жазылуу
Иштен кетирилгендер Бишкек менен Оштун прокуратурасын 2018-жылдан бери жетектеп келишкен. Абдраимов өткөн жылы кызматтык формасы менен калпак кийип алганы үчүн сөгүш алган.
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын прокурору Темирбек Бекмамат уулу менен Оштун прокурору Кубат Абдраимов ээлеген кызматтарынан бошотулушту. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.
Бекмамат уулу менен Абдраимов көзөмөл органын 2018-жылдан бери жетектеп турушкан.
Зулушевдин айтымында, эки прокурор тең ден соолугуна байланыштуу кызматтан кетүү боюнча арыз жазышкан.
Абдраимов 2020-жылдын май айында Улуу Жеңиштин 75 жылдык мааракесинде кызматтык форма менен калпак кийип алганы үчүн сөгүш алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0