Кишилер ооруканада бахилачан. Архив

Башкы прокурор Зулушев бир бахиланы 150 сомго саткан компаниянын атын атады

4257
(жаңыланган 16:45 05.02.2021)
Буга чейин тендер уткан компания бахила, кол каптарды жогорулатылган баада сатып алып мамлекетке 5 миллион 175,2 миң сомдук материалдык зыян келтиргени айтылган.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Пандемия маалында бир бахиланы 150 сомдон "Фарватер" деп аталган ЖЧК сатып алып келип берген. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев  маалымат жыйында билдирди.

Анда Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеке коргонуучу каражаттарды кайсы компания жогорулатылган баада сатып алганын сурады.

"Азыр 5 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды. Эгер тергөө сапаттуу жүргүзүлсө сумма мындан дагы көбөйүшү мүмкүн. Учурда Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы департаменттин бир нече кызмат адамдары тергелип жатат. Бул иш боюнча министрге дагы жетишибиз мүмкүн", — деди Зулушев.

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү департаменти пандемия учурунда жасаган кылмыш иштери аныкталганы маалымдалган. Анда тендерден уткан "Ф" аттуу компания нитрил кол каптардын ордуна техникалык спецификацияга дал келбеген 101 330 даана латекстен жасалган кол каптар менен камсыздаган. 150 000 даана 1,5 сомдук бахиланын ордуна ар бирин 150 сомго баалап 1 500 даана алып келишкени айтылган. Мунун кесепетинен мамлекетке 5 миллион 175,2 миң сомдук материалдык зыян келтирилген.

4257
Белгилер:
компания, бахила, Курманкул Зулушев, прокуратура
Тема боюнча
12 млн. долларлык зыян. "Манас" аэропортунда ири коррупциялык схема аныкталды
Кышкы ачык асман. Архивдик сүрөт

Жекшембиге карата аба ырайы

17
Жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу 27-февралдан 2-мартка чейин тоолуу райондордо жана айрым ашууларда кар көчкү түшүп, күрткү пайда болушу ыктымал. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Жекшемби күнү, 28-февралда, республика аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Маалыматка ылайык, тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +4...+9, Талас жергесинде +3...+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5...+10, Ысык-Көл аймагында 0...+5, ал эми Нарында -1...-6 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкек шаарында жана Ош калаасында +5...+7 градусту көрсөтөт.

17
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан, февраль
Тема боюнча
Тоңуп калган. Кеминде мал айдап келем деп кайтпай калган аялдын сөөгү табылды
Адис Бекжан Шакенов

Шакенов: телефонду кубаттоодо эки эрежени сактаса көпкө чейин жетет

30
(жаңыланган 20:54 27.02.2021)
Адис Бекжан Шакенов Кыргызстандын рыногунда iPhone, Samsung жана Xiaomi брендинин телефондору көп сатыларын айтып, смартфон тандоодо көңүл бөлүү керек болгон негизги факторлорду атады.

Эгер телефондун кубаттуулугу кармабай калса алмаштырса болот. Бирок Кыргызстанга оригинал аккумуляторлор алып келинбегендиктен, бир аз начарласа анда алмаштырбай эле койгон оң. Себеби кубаттуулугу ашып кетсе бир саатка көбүрөөк жетип калат. Бул тууралуу Бекжан Шакенов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Шакенов: телефонду кубаттоодо эки эрежени сактаса көпкө чейин жетет

Анын айтымында, башка смартфондорго салыштырмалуу Redmi компаниясынын аппараттарынын батарейкасы көпкө чейин жеткендиктен бул гаджет студенттерге ылайыктуу.

"Жыл сайын технология өнүгүп турат. iPhone, Samsung жана Xiaomi компаниялары бири-биринен өзгөчөлөнүп смартфондун жаңы версияларын чыгарууда. Gorilla Glass 5-муундагы чыккан смартфондор кымбат келип, жалпы корпусу темирден, алды-арты айнектен жасалат. Желим жана темирден жасалгандары орто бюджетте болот. Негизинен мындай телефондорду Samsung, Redmi өндүрөт. Жаңы телефон алып жатканда тандоодо эч кандай маселе деле жаралбайт. Мүнөздөмөсүн интернеттен окуп, сизге керектүүсүн алсаңыз болот. Ошондой эле сатуучу кепилдик берип, эгер өндүрүштүк кемчиликтер болсо алмаштырып берет. Ал эми колдонулган телефон аларда кылдат текшерип алган оң. Өзгөчө iPhone аппаратынын көп нерсеси оңой алмашат. Алгач тескөөсүнө кирип батарейканын абалын караңыз. Эгер 100 болсо жаңы салынган. Сырткы абалына, чийиктерине көңүл бөлүңүз. Сырткы камерасынын объективинин ичинде чаң туруп калса анда смартфон ачылган", — деди Шакенов.

Адис смартфонду таптакыр өчө электе кубаттап жана 100 пайызга жеткирбей токтон чыгарса батарейка көпкө жетерин кошумчалады.

30
Белгилер:
компания, тандоо, смартфон
Тема боюнча
Xiaomi зымы жок смартфон кубаттагыч чыгарды. Видео