Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянты. Архив

Борбор калаанын Бишкек деп аталганына бүгүн 30 жыл толду. Токтомдун сүрөтү

142
(жаңыланган 16:54 05.02.2021)
Легендарлуу парламенттин төрагасы шаарды эмне себептен Бишкек деген тарыхый атына кайтарышканын түшүндүрүп берди.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. 1991-жылдын 5-февралында Фрунзе шаары өзүнүн тарыхый атына кайтарылып, Бишкек деп аталган. Бул тууралуу легендарлуу парламенттин төрагасы, мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирди.

Постановление о смене названия города Фрунзе в Бишкек
© Фото / предоставлено Медетканом Шеримкуловым
1991-жылдын 5-февралында Фрунзе шаары өзүнүн тарыхый атына кайтарылып, Бишкек деп аталган

Анын айтымында, Фрунзенин Бишкек атына кайтуусу СССР чачырагандан кийин кабыл алынган деген маалыматтар туура эмес.

"Советтер Союзу 1991-жылы декабрь айында ураган. Ал эми борбор калаанын аталышы февралда өзгөргөн. Ал учурда Советтер Союзу дүйнөдөгү ири держава катары өмүр сүрүп турган кез эле. Биз калаанын аталышын Бишкекке өзгөртүп, Фрунзенин атын өчүрөлү деген улутчулдук сезимден алыс болгонбуз", — деди Шеримкулов.

Легендарлуу парламенттин төрагасы шаарды эмне себептен Бишкек деген тарыхый атына алып келишкенин дагы түшүндүрүп берди.

"1860-жылдарда орустар Бишкекти өз тилине ылайыкташтырып Пишпек деп жазылып калган. Этимологиясы эч кандай тарыхый баалуулукту түшүндүрбөйт. 1925-жылы 31-октябрда Михаил Васильевич Фрунзе дүйнө салгандан кийин 1926-жылы 12-майда Пишпектин тургундарынын демилгеси менен Фрунзе аты берилген. Михаил Фрунзе биздин жердешибиз, залкар инсандардын бири. Аны менен сыймыктанып, ал кишинин ысымы көчөгө, музейге ыйгарылып, эстелиги темир жол бекетинин алдына тургузулган. 1990-жылдын 15-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан "Кыргыз Республикасынын суверендүүлүгү жөнүндө" декларация кабыл алынган. Анын негизинде 1936-жылдан бери Кыргыз ССРи деген аталышты өзгөртүп, "Советтик Социалисттик" деген абрревиатураны алып, Кыргыз Республикасы деп атаганбыз. Буга байланыштуу жер-шаарларга өзүнүн тарыхый аталышын кайтаруу максатталган. Ошентип борбор калаага Бишкек баатырдын ысымы ыйгарылган", — деди Шеримкулов.

Ошондой эле ал борборду Манас деп атоо сунушу болгонун кошумчалады.

142
Белгилер:
Бишкек, СССР, Кыргызстан
Тема боюнча
Шеримкулов: Бишкектин аталышы СССР чачырай электе кайтарылган
Солдаттар кытай желегинин жанынан өтүп жатышат. Архив

Жапаров үй-бүлөсүнүн Кытай менен эмне байланышы бар экенин айтып берди

38
(жаңыланган 13:13 26.02.2021)
Мамлекет башчысы атасы Нуркожо Жапаров 30 жашында, 1960-жылдары, бабаларынын жери — Ысык-Көл облусуна кайтып келгенин айтты.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. 1916-жылдагы трагедиялуу окуяларда чоң атам Жапар үй-бүлөсү менен Кытайга көчүп кетүүүгө аргасыз болгон. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Российская газета" гезитине берген маегинде билдирди.

Журналист мамлекет башчысына "Сиздин атаңыз Кытайда узак убакыт жашаган деп окудум, ушул чынбы? Сиз өзүңүз кытай тилин үйрөнүүгө аракет кылган жоксузбу?" деген суроо узаткан.

"1916-жылдагы трагедиялуу окуяларда менин чоң атам Жапар үй-бүлөсү менен Кытайга көчүп кетүүгө аргасыз болгон. 1932-жылы менин атам ошол жакта төрөлгөн. Балалыгы менен жаштыгы Кытайда өткөн. Андан кийин 30 жашында, 1960-жылдары, атам ата-бабаларыбыздын жерине — Ысык-Көл облусуна кайтып келген. Кытайда көптөгөн этникалык кыргыздар жашайт. Менин чоң атам көчүп барган аймакта этникалык кыргыздар гана болгон. Ошондуктан атам кытай тилин билген эмес, анткени бардык сабактар араб алфавити менен кыргыз тилинде жүргүзүлгөн. Башкача айтканда, атам менен чоң атамдын кытай тилин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүгү болгон эмес", — деди Жапаров.

Ошондой эле ал бүгүнкү күнгө чейин Кытайда миңдеген этникалык кыргыз жашап жаткандыгын, алардын арасында өз мекенине кайтып келе албай калгандар бар экендигин белгиледи.

Мамлекет башчысы жубайы Айгүл Асанбаева тууралуу дагы эки ооз сөз айткан.

Президент Садыр Жапаров
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
"Жубайым биздин өлкөнүн көптөгөн жарандары сыяктуу эле орус тилинде эркин сүйлөйт. Бирок үй-бүлөбүз менен салттуу түрдө эне тилибизде — кыргыз тилинде сүйлөшөбүз", — деди Жапаров.

Эске салсак, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров эки күндүк иш сапары менен Москвага барган. Анын жыйынтыгын материалдан окуңуздар.

38
Тема боюнча
Өз дүйнөсү менен жашап калган. Жапаров Жээнбековдун эмнеден жазганын айтты
Кучактап, сыймыктанып... Белгилүү саясатчылардын атасы менен түшкөн сүрөттөрү
Работники ремонтирует высоковольтные линии электропередач в Вухлехирске, к юго-востоку от Дебальцево, 11 марта 2015 года

"Түндүк электр": 1-мартта карызы бар 5 миң абоненттин жарыгы өчөт

10
(жаңыланган 12:55 26.02.2021)
"Түндүк электр" жарыксыз калбаш үчүн жарандарды эсептерди убагында төлөөгө чакырды. Абоненттер канча карызы бар экенин интернет аркылуу биле алат.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Жаз келери менен, 1-мартта, карызы бар беш миңден ашык абоненттин жарыгы аралыктан өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.

Жарандар сайтына кирип "Абоненттин балансы" деген рубрикадан жарык үчүн канча карызы бар экенин биле алышат. Мындан сырткары, күнү-түнү иштеген 1209 Call-борборго чалып же 0551 001209 WhatsApp номерине жазса болот.

"Түндүк электр" жарыксыз калбаш үчүн жарандарды карызды убагында төлөөгө чакырды.

Электр энергиясы үчүн канча карызы бар экенин билүү үчүн balance сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнө кирсе болот. Ал үчүн эсеп номерин билүү керек.

Каражатты терминал, электрондук капчык, банк жана почта аркылуу төлөөгө болот.

10
Белгилер:
карыз, абонент, "Түндүк Электр" ишканасы
Тема боюнча
Күн кескин сууктайт. Бир жумага карата аба ырайы