Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Полегенько / Медиабанкка өтүүБотаникалык бакча. Архив
Ботаникалык бакча. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2021
Жазылуу
6-февралга караган түнү өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлүп, тоолуу аймактарда кар жаашы болжолдонууда.
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Ишембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын болбойт, кээ бир райондордо туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +14…+19, Таласта +13…+18, Ысык-Көл өрөөнүндө +5…+10, Нарын аймагында -4…+1 градус болору кабарланды.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +17…+19 градуска жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0