БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Кыргызстанда көп балалуу үй-бүлөлөрдүн 56 пайызы жакыр жашайт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
2019-жылдын жыйынтыгы менен алып караганда, өлкө аймагында беш жана андан көп баласы бар үй-бүлөлөрдүн 56 пайызынын жашоо-турмушу катаал экени белгилүү болгон.
Маалыматты карап туруп, баланын саны азайган сайын жакырчылык ошончо азыраак кездешерин көрүүгө болот. Мисалы, төрт балалуу үй-бүлөлөрдүн 37, 8 пайызы жакыр жашаса, үч балалууларда бул көрсөткүч 24,5 пайызга түшөт.
Буларга салыштырмалуу эки баласы бар жубайлардын турмушу жакшыраак, тагыраагы, арасынан 16,5 пайызы кыйналып жашайт.Ал эми бир гана баласы барларды айта турган болсок, 10 пайызы кыйынчылык менен күн көрөт.
Балдары жок же уул-кыздары 17 жаштан өтүп кеткен ата-энелердин арасынан 2,1 пайызынын материалдык жактан абалы жакшы эмес.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. 16-марттан 21-мартка чейин Чолпон-Ата (Ысык-Көл облусу) жана Ош шаарларында Нооруз элдик майрамына арналган ат оюндары өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Элдик майрамдын урматына улуттук спорт оюндарынан көк бөрү, эр эңиш, салбуурун жана ат чабыштын түрлөрү боюнча мелдештер өтөт.
"Оюндар республиканын бардык аймактарында спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана мыкты командаларды, спортчуларды тандоо максатында өткөрүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Ат оюндар Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо жана Оштогу "Төлөйкөн" ат майданында өтөт.
Чолпон-Атада болуучу мелдештердин программасы тууралуу кенен маалымат алсаңыздар болот.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Демилгелүү топ Бишкектин борборунда митинг жана жүрүштөргө тыюу салган Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы сотко кайрылды. Бул тууралуу райондук соттун маалымат кызматы билдирди.
22-февралда Биринчи май райондук администрациясы "Ала-Тоо" аянтында жана эски аянтта түрдүү акциялардын өтүп жатышы шаардыктарга жана транспорт кыймылына тоскоолдук жаратып жатканын айтып сотко кайрылган.
Биринчи май райондук соту акимчиликтин арызын канааттандырып, шаардын борборунда 22-апрелге чейин митинг өткөрүүгө тыюу салган.Бул чечимге каршы болгон "8/365" деп аталган демилгелүү топтун өкүлү Евгения Крапивина 5-мартта сотко даттанган. Иш Бишкек шаардык сотуна өткөрүп берилет.
Кечээ шаардын борборунда аялдардын укугун коргоого багытталган тынчтык жүрүшү өтсө, бүгүн жаңы Конституциянын долбооруна каршы болгондор митингге чыкты.