БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Дүйнөдө COVID-19 менен ооругандарга караганда ага каршы вакцина алгандардын саны көп болгондугун ДССУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Дүйнөдө инфекцияны жуктуруп ооругандардан вакцина алгандардын саны ашты. Бир жагынан алганда бул жакшы жаңылык жана кыска мөөнөттөгү эң сонун жетишкендик. Бирок эмдөөнүн төрттөн үчү, 60 пайызы дээрлик глобалдык ИДПга чогулган 10 өлкөгө туура келет", — деп айткан ал брифингде.
ДССУнун жетекчиси дагы 130 өлкө 2,5 миллиард калкы менен азырынча вакцинанын биринчи дагы дозасын ала электигин айтты. Ал калктын аялуу катмарына, медиктерди коронавируска каршы эмдеген өлкөлөргө жапырт эмдөөдөн мурда ашып калган вакциналары менен бөлүшүүгө чакырды.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. 16-марттан 21-мартка чейин Чолпон-Ата (Ысык-Көл облусу) жана Ош шаарларында Нооруз элдик майрамына арналган ат оюндары өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Элдик майрамдын урматына улуттук спорт оюндарынан көк бөрү, эр эңиш, салбуурун жана ат чабыштын түрлөрү боюнча мелдештер өтөт.
"Оюндар республиканын бардык аймактарында спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана мыкты командаларды, спортчуларды тандоо максатында өткөрүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Ат оюндар Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо жана Оштогу "Төлөйкөн" ат майданында өтөт.
Чолпон-Атада болуучу мелдештердин программасы тууралуу кенен маалымат алсаңыздар болот.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Демилгелүү топ Бишкектин борборунда митинг жана жүрүштөргө тыюу салган Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы сотко кайрылды. Бул тууралуу райондук соттун маалымат кызматы билдирди.
22-февралда Биринчи май райондук администрациясы "Ала-Тоо" аянтында жана эски аянтта түрдүү акциялардын өтүп жатышы шаардыктарга жана транспорт кыймылына тоскоолдук жаратып жатканын айтып сотко кайрылган.
Биринчи май райондук соту акимчиликтин арызын канааттандырып, шаардын борборунда 22-апрелге чейин митинг өткөрүүгө тыюу салган.Бул чечимге каршы болгон "8/365" деп аталган демилгелүү топтун өкүлү Евгения Крапивина 5-мартта сотко даттанган. Иш Бишкек шаардык сотуна өткөрүп берилет.
Кечээ шаардын борборунда аялдардын укугун коргоого багытталган тынчтык жүрүшү өтсө, бүгүн жаңы Конституциянын долбооруна каршы болгондор митингге чыкты.