Министр Алымкадыр Бейшеналиев Түркиянын саламаттык сактоо министринин орун басары Халиль Эльдемир менен жолугушуу учурунда

Министрдин өтүнүчү менен Түркия Кыргызстанга беш миң ПЦР-тест берди

48
(жаңыланган 11:13 06.02.2021)
Түркия парламентинин вице-спикери Бишкектеги Кыргыз-түрк достугу ооруканасынын иши боюнча келишимди эртерээк ратификациялоо идеясын колдой тургандыгын айткан.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанга гуманитардык жардам катары коронавирусту текшерген беш миң ПЦР-тест берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Учурда министр Алымкадыр Бейшеналиев Түркияда иш сапары менен жүрөт. Ал жактан өлкөнүн саламаттык сактоо министринин орун басары Халиль Эльдемир жана республиканын улуттук жыйынынын төрагасынын орун басары Желал Адан менен жолугушкан.

Бейшеналиев өлкөдөгү коронавирус кырдаалына байланыштуу гуманитардык жардам сураганы, жооп катары Түркия ПЦР-тесттерди бергени белгиленди. Министр кол сунгандарга ыраазычылык айткан.

Жолугушууда Түркия парламентинин вице-спикери Бишкектеги Кыргыз-түрк достугу ооруканасынын иши боюнча келишимди эртерээк ратификациялоо идеясын колдой тургандыгын билдирген.

48
Белгилер:
жолугушуу, ПЦР-тест, коронавирус, жардам, Алымкадыр Бейшеналиев, Кыргызстан, Түркия
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2550)
Тема боюнча
Кытай Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина алып берет
Спутник V логотипинин фонунда шприц жана ампула. Архив

Россия өкмөтү "Спутник V" вакцинасынын сатыктагы баасын эки эсе түшүрдү

41
(жаңыланган 11:02 26.02.2021)
Михаил Мишустин башкы максат "Спутник V" сатып арбын киреше алуу эмес, элге жардам берүү экендигин айткан.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги "Спутник V" вакцинасынын сатыктагы баасын каттагандыгын РИА Новости жазды.

Мурда ал 1942 рубль (2196 сом) турса, учурда кошумча нарк салыгын кошпогондо эки компонент 866,81 рубль (980.36 сом) болуп калды.

Өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров бул арзандоо препаратты жасап чыгаруудагы өнөр жай технологиясынын оптимизациялангандыгынан жана өндүрүү көлөмүнүн көбөйгөндүгүнөн улам болгонун айтты.

"Негизи вакцина чыгаруу жергиликтүү фармацевттик өндүрүш компаниясына берилген мамлекеттин социалдык буюртмасы. Катталган баа эмдөө боюнча россиялык мамлекеттик масштабдуу программадагы вакцинага гана колдонула тургандыгын эскерте кетмекчибиз", — деп кошумчалады ал.

Премьер-министр Михаил Мишустин буга чейин вакциналардын баасы өтө кымбаттап кетпешин көзөмөлдөп туруу зарылдыгын эскерткен. Министрлер кабинетинин жетекчиси башкы максат арбын киреше алуу эмес, элге жардам берүү экендигин айткан.

"Спутник V" — коронавирус менен ооруп калуунун алдын алуу максатында иштелип чыккан дүйнөдөгү биринчи вакцина. "Спутник V" Россиянын Түз инвестициялар фондунун колдоосу менен Гамалея атындагы улуттук борбордун адистери тарабынан иштелип чыккан. РФте 2020-жылы август айында каттоого алынса, декабрдан тарта аны менен жалпы эмдөө башталган.

Россиядан сырткары вакцинаны Беларуста, Аргентинада, Боливияда, Сербияда, Алжирде, Палестинада, Венесуэлада, Парагвайда, Түркмөнстанда, Венгрияда, Бириккен Араб Эмирлигинде, Иранда, Гвинеяда, Тунисте, Арменияда, Мексикада, Никарагуада, Ливанда, Мьянма, Пакистанда, Монголияда, Бахрейнде, Черногорияда, Казакстанда, Өзбекстанда, Сан-Маринодо, Гондураста жана Египетте колдошту.

41
Белгилер:
вакцина, коронавирус, Спутник V, Россия
Тема:
"Спутник V" вакцинасы
Тема боюнча
Министрлик: "Спутник V" вакцинасы Кыргызстанда каттоодон өттү
Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде иштегендер "Спутник V" менен эмделишти
COVID-19 тестирлөө борборунун медициналык кызматкерлери

Өткөн суткада 51 кишиден коронавирус табылды. 20 бейтап өтө оор абалда

39
(жаңыланган 10:05 26.02.2021)
Кечээтен бери Кыргызстанда бир дагы өлүм учуру катталган эмес. Мындан сырткары, бир сутка ичинде Бишкектен бир медиктен коронавирус аныкталган.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Бир суткада 51 кишиден коронавирус табылып, 55 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 10;
  • Ош – 6;
  • Чүй облусу – 22;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 2;
  • Баткен облусу – 1.

Ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны 86 142ге жетти.

Айыккандар:

  • Бишкек – 14;
  • Чүй облусу – 20;
  • Ош облусу – 4;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 10;
  • Баткен облусу – 2.

Өлкөдө айыккандардын жалпы саны 83 061 болду.

Бактыга жараша, кечээтен бери бир дагы бейтап оорудан көз жумган эмес.

Азыркы тапта ооруканаларда жалпы 368 бейтап дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 86 адамдын абалы оор болсо, 20 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.

Бир сутка ичинде Бишкектен бир медиктен коронавирус табылган.

39
Белгилер:
бейтап, оору, статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
COVID жуктурган кош бойлуулар көбүнчө эрте көз жарат. Иликтөө

Финпол биологиялык активдүү кошулма жасаган цехке кирип барды. Тинтүүнүн видеосу

0
(жаңыланган 11:07 26.02.2021)
Финансы полициясы биологиялык активдүү кошулмаларды жасалма түрдө өндүрүп келген цехти аныктады. Аларды текшергенде тийиштүү документтери жок болуп чыккан.

Бул факт Жазык кодексинин 211-беренеси ("Мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Маалыматка караганда, 25-февралда Бишкек шаарынын Донский тар көчөсүндөгү цехте санитардык эрежелерди одоно бузуп, "омега 3-6-9", "гүл уну", "зире майы", "зайтун майы" жана башка биологиялык активдүү кошулмаларды колдо жасап жатышкан. Анын башкы уюштуруучулары А. жана С. аттуу чет элдик жаран экени аныкталган.

Финпол контрафакттык продукцияларды жасалма же мыйзамсыз түрдө жасап жаткандарды, ошондой эле экономикалык кылмыштарды көргөн жарандар болсо 1955 номери аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.

0
Белгилер:
цех, жасалма, аныктоо, финансы полициясы
Тема боюнча
Фирмасын селсаяктарга каттаган. Финпол коррупциялык схеманы жок кылды. Сүрөт
Аалымдар кеңешинен арыз түшүп, Финпол муфтиятка кылмыш ишин козгоду
Бишкекте кургак сүттү мыйзамсыз өндүргөн жашыруун цех табылды. Видео