Кыргызстан Түркиядан бардык жабдуусу бар 5 мобилдик клиника алып келет

© Фото / пресс-служба Минздрава и социального развития КРКыргызстанга Түркиядан беш мобилдик клиника алып келинет
Кыргызстанга Түркиядан беш мобилдик клиника алып келинет - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2021
Жазылуу
Буга чейин мобилдик клиникаларды алуу боюнча кыргыз өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкы келишим түзгөнү айтылат.
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Кыргызстанга Түркиядан беш мобилдик клиника алып келинет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
© Фото / пресс-служба Минздрава и социального развития КР5-февралда, министр Алымкадыр Бейшеналиев жана КРдин Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкарадагы мобилдик клиника чыгарган Optima Technic заводуна барышкан
Рабочий визит министра здравоохранения и социального развития КР Алымкадыра Бейшеналиева в Турцию - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
5-февралда, министр Алымкадыр Бейшеналиев жана КРдин Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкарадагы мобилдик клиника чыгарган Optima Technic заводуна барышкан
Кечээ, 5-февралда, министр Алымкадыр Бейшеналиев жана КРдин Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкарадагы мобилдик клиника чыгарган Optima Technic заводуна барышкан.
Анда алар заводдун, Ислам өнүктүрүү банкынын жана башкы подрядчы норвегиялык "НОРМЕКА АС" компаниянын өкүлдөрү менен жолугуп, мобилдик клиникаларды Кыргызстанга жеткирүү маселелерин талкуулашкан.
Кытайдын КРдеги элчиси Ду Дэвэнь өлкөнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушуу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2021
Кытай Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина алып берет
Аталган клиникалар заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылып, компьютердик томограф, УЗИ аппараттары, маммограф, рентген аппараты, гастроскоп, колоноскоп, офтальмоскоп, риноскоп, эхокардиограф сыяктуу диагностикалык бөлүмдөрү болот. Ошондой эле биохимикалык жана башка анализдерди жүргүзүүгө ылайыкташкан лабораториялык жабдуулар, көзгө операцияларды жасоо бөлүмү иштейт.
Тараптар мобилдик клиникаларды Кыргызстанга жеткирүү процессин тездетүүнү макулдашышканы айтылды.
Мобилдик клиникаларды алуу боюнча кыргыз өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкы келишим түзгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0