БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Автоунааны кышында жазга чейин такыр эле айдабай токтотуп коюуга болбой тургандыгын Sputnik радиосуна Москвадагы автомобиль-жол боюнча мамлекеттик университетинин окутуучусу Лев Зиманов айтып берген.
Анын айтымында, эгерде автокөлүктү жайында азыраак айдаса көп көйгөй жаралбайт, ал эми күн суук учурда токтотуп коюу терс таасирин тийгизет. Андыктан кышында автоунааны колдонуп, иштетип, жок дегенде айына эки ирет айдап чыгып туруш керек.
"Кыш мезгилинде машина аз жүргөндүктөн, анын ысып турушунда, тетиктеринин иштешинде маселе жаралат. Жок дегенде эки аптада бир жолу кеминде 10-12 чакырымга саатына 90 ылдамдык менен айдаш керек", — деген аталган окуу жайдын доценти Зиманов.Анын айтымында, күн суукта гаражга токтотуп койгон темир тулпарды жазга алдын ала даярдаш керек. Ал үчүн стандарт катары кабыл алынган сунуштар бар.
"Жаздын алдында бир жарым же эки ай мурда гаражга кирип, тормоз жана бири-бири менен чиркелген механизмдерди "кыймылга келтирген" желим элементтерди майлаш үчүн педалды улам-улам басып туруш керек", – деп кеңеш берген Зиманов Sputnik радиосуна берген маегинде.
Буга чейин Sputnik автоэкспертке таянып, айдоочулардын кайсы жаман адаттары автоунаага зыянын тийгизерин жарыялаган.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкектеги кардиологиялык жеке клиникалардын биринин башкы дарыгери Дамир Осмонов Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун саламаттыгы боюнча маалымат берди.
"Бейтаптын кан басымы кооптуу чекке жеткен абалда келди. Азыр дагы улам өзгөрүп жатат. Абалы туруктуу эмес. Чукул арада ден соолугун текшерүү керек, биринчи кезекте коронарографиядан жана бөйрөк артериясы боюнча текшерүүдөн өткөрүү зарыл. Анын абалы толук турукташканча медициналык көзөмөлдө болот", — деди Осмонов.
Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары буга чейин артериялык кан басымы жогорулап жатканын айтып даттанган.
Эскерте кетсек, Матраимов экинчи ирет 18-февралда кармалып, эки күндөн кийин Биринчи май райондук соту эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Мырзакат Тыналиев "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору-башкы редактору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Эске салсак, басма үйүнүн мурдагы башкы редактору Эрнис Балбаков үстүбүздөгү жылдын февраль айында иштен алынган болчу.