БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Жол кырсыгына кабылган ырчы Анжелика Кайратова менен кыздары Айыма жана Айлиндин абалы тууралуу алар дарыланып жаткан Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси, белгилүү сөөк дарыгери Сабырбек Жумабеков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине айтып берди.
Эске салсак, Анжелика Кайратова 23-январдын таңында Ысык-Көл облусунда жол кырсыгына кабылган. Автоунаасында өзү менен кошо үч кызы болгон. Дарыгерлер беш жаштагы кызынын эки бутунун тең кашка жиликтери сынып, ырчынын өзүнүн омурткалары жабыркаганын айткан. Экөөнө тең операция жасалган. Кийинчерээк улуу кызы Айыманын да моюн омурткалары сынганы аныкталган.
Жумабеков ырчынын улуу кызы Айымага кечээ операция жасалганын билдирди. Ал буга чейин жеке клиникада дарыланып, андан кийин Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна которулган.
Операциянын баалары тууралуу сураганыбызда ырчы менен кыздарына башка бейтаптар сыяктуу эле бекер жасалганы, каражат керектелүүчү материалдарга жана импланттарга төлөнгөнүн кошумчалады.
Дарыгер Анжелика менен кыздарынын абалы жалпысынан жакшы экенин белгиледи.
"Үчөө тең реанимациядан чыгып, жалпы бөлүмдөгү бир палатада жатат. Абалдары туруктуу, жакшы десек болот. Анжеликанын омурткасынан тышкары балтыр сөөгү да сынган, азыр балдак менен баса баштады. Балдак менен дагы 1-2 айча басканга туура келет", — деди сөөк дарыгери.
Жумабеков Анжелика кыздары менен ооруканадан 10 күндөн кийин чыгарылышы мүмкүн экендигин, андан кийин ден соолуктарын калыбына келтирүү убактысы башталарын кошумчалады.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Артём Новиков борбор калаадагы мектептердеги окуучулардын ата-энелери менен жолугушуп, билим берүү мекемелеринин ишин жандандыруу маселесин талкуулоону пландап жатат.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Новиков борбордогу мектептер менен бала бакчалардын ишин этап-этабы менен калыбына келтирүү боюнча кеңешме өткөргөн.
Мэриянын өкүлдөрү аткарылып жаткан иштер жана билим берүү процессин салттуу форматта жандандырууга даярдыгы жөнүндө айтып беришкен.
"Мектептердин жана бала бакчалардын ишин жандандыруу калк үчүн маанилүү. Жакынкы күндөрү окуучулардын ата-энелери менен жолугушуп, ушул темада талкуу жүргүзүүнү пландап жатам. Бул иштерди аткарууда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин так сакталышын камсыз кылуу маанилүү", — деген Новиков.
Ошондой эле ал Билим берүү жана илим министрлигине Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте "Мектеп медицинасы" долбоорун ишке ашыруу үчүн финансылык эсептөө жүргүзүүнү тапшырган. Министрлик бир жуманын ичинде каржы булагын да аныкташы керек.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Шаршембиде күндүз республиканын кээ бир аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +1…+6, Таласта +2…+7, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +6…+11, Ысык-Көл жергесинде +3…+8, Нарын өрөөнүндө -2…+3 градус болору боолголонду.
Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаайт. Күндүн табы борбордо +4…+6, Ош шаарында +9…+11 градус болот.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Сокулуктагы убактылуу кармоочу жайда бир киши каза болгонун Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
2-март таң эрте Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайынын күзөтчүсү камактагы 51 жаштагы эркек кишини эс-учун жоготкон абалда тапкан.
"Окуя болгон жерге дароо Тез жардам кызматы чакырылып, медиктер киши көз жумганын аныкташкан. Анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды", — деп айтылат билдирмеде.
Каза тапкан адам Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") менен шектелип, эки айга камакка алынган.
Ишти ар тараптуу жана объективдүү иликтөө үчүн текшерүү дайындалган. ИИМ, Чүй ОИИБи менен прокуратура жетекчилиги ишти көзөмөлгө алган. Аталган факт каттоого алынып, чогултулган материалдар кошумча иликтөө үчүн УКМКга өткөрүлүп берилген.