Башкы прокурор Курманкул Зулушев. Архив

Зулушев: Конституциялык реформадан кийин Дача СУ боюнча ишти аягына чыгарабыз

93
(жаңыланган 14:39 06.02.2021)
Башкы прокурор Дача СУнун тергөөсүн аягына чыгаруу депутат кезден берки жеке максаты экенин белгиледи.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Конституциялык реформадан кийин Дача СУ боюнча тергөөнү аягына чыгарабыз. Бул туурасында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Ал Дача Су, Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолу, "Датка-Кемин", Чолпон-Атадагы ипподромго жана ушул сыяктуу 10 чакты тергөөсү аяктабаган жазык иштерге сөзсүз түрдө баа берилип, күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керек деп эсептей турганын айтты.

"Дача СУ боюнча тапшырмалар берилип, бирок тергөө жылбай жатат. Анткени прокуратурада тергөө жок, биз көзөмөл кылабыз, сунуш беребиз. Ошондуктан Конституциялык кеңешмеге тергөө прокуратурага берилсе деген сунуш киргиздик эле, Баш мыйзамдын жаңы долбооруна кошулду. Эгер тергөө бизге өтө турган болсо өзүбүз көзөмөлгө алып жыйынтыгын чыгарса болот. Дача СУнун тергөөсүн аягына чыгаруу менин депутат кезден берки жеке максатым", — деди Зулушев.

Эскерте кетсек, авиакырсык 2017-жылы 16-январда эртең менен болгон. Жүк ташып келе жаткат Boeing учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, аэропорттун жанындагы Дача СУ айылына кулаган. Натыйжада айылдын 35 тургуну менен экипаждын төрт мүчөсү тең каза тапкан.

Sputnik агенттиги Дача СУдагы авиакырсыктын себебин ачып берген даректүү тасма даярдады.

93
Белгилер:
Курманкул Зулушев, Башкы прокуратура, тергөө, кырсык, Дача СУ
Тема:
Дача айылындагы авиакырсыктын кесепеттери (227)
Тема боюнча
Өлөр алдында учкучтар уруша кетишкен. Дача СУга учактын кулаган себеби
Дача СУга кулаган учак. 39 кишинин өмүрүн алган авиакырсыктын айтыла элек сыры
Окуучу. Архив

Мектептерди ачууну талкуулайт. Новиков ата-энелер менен жолугушууга ниеттенүүдө

31
(жаңыланган 22:55 02.03.2021)
Новиков борбордогу мектептер менен бала бакчалардын ишин этабы менен калыбына келтирүү боюнча кеңешме өткөрдү.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Артём Новиков борбор калаадагы мектептердеги окуучулардын ата-энелери менен жолугушуп, билим берүү мекемелеринин ишин жандандыруу маселесин талкуулоону пландап жатат.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Новиков борбордогу мектептер менен бала бакчалардын ишин этап-этабы менен калыбына келтирүү боюнча кеңешме өткөргөн.

Мэриянын өкүлдөрү аткарылып жаткан иштер жана билим берүү процессин салттуу форматта жандандырууга даярдыгы жөнүндө айтып беришкен.

"Мектептердин жана бала бакчалардын ишин жандандыруу калк үчүн маанилүү. Жакынкы күндөрү окуучулардын ата-энелери менен жолугушуп, ушул темада талкуу жүргүзүүнү пландап жатам. Бул иштерди аткарууда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин так сакталышын камсыз кылуу маанилүү", — деген Новиков.

Ошондой эле ал Билим берүү жана илим министрлигине Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте "Мектеп медицинасы" долбоорун ишке ашыруу үчүн финансылык эсептөө жүргүзүүнү тапшырган. Министрлик бир жуманын ичинде каржы булагын да аныкташы керек.

31
Белгилер:
жолугушуу, ата-эне, бала бакча, мектеп, Артем Новиков
Тема боюнча
Окуучулардын онлайн окууну таштайбыз деген талабы. Мэриянын жообу
Жамгыр. Архив

Шаршембиге карата аба ырайы

40
3-мартка караган түнү өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүз Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаашы мүмкүн.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Шаршембиде күндүз республиканын кээ бир аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +1…+6, Таласта +2…+7, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +6…+11, Ысык-Көл жергесинде +3…+8, Нарын өрөөнүндө -2…+3 градус болору боолголонду.

Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаайт. Күндүн табы борбордо +4…+6, Ош шаарында +9…+11 градус болот.

40
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Кайрадан суук түшөбү? Мартка карата аба ырайы
Абактын терезеси. Архив

Сокулук РИИБдин убактылуу кармоо жайында бир киши көз жумду. Ишти УКМК иликтейт

0
(жаңыланган 00:35 03.03.2021)
Ишти ар тараптуу жана объективдүү иликтөө үчүн текшерүү дайындалган. ИИМ, Чүй ОИИБи менен прокуратура жетекчилиги аны көзөмөлгө алган.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Сокулуктагы убактылуу кармоочу жайда бир киши каза болгонун Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

2-март таң эрте Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайынын күзөтчүсү камактагы 51 жаштагы эркек кишини эс-учун жоготкон абалда тапкан.

"Окуя болгон жерге дароо Тез жардам кызматы чакырылып, медиктер киши көз жумганын аныкташкан. Анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды", — деп айтылат билдирмеде.

Каза тапкан адам Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") менен шектелип, эки айга камакка алынган.

Ишти ар тараптуу жана объективдүү иликтөө үчүн текшерүү дайындалган. ИИМ, Чүй ОИИБи менен прокуратура жетекчилиги ишти көзөмөлгө алган. Аталган факт каттоого алынып, чогултулган материалдар кошумча иликтөө үчүн УКМКга өткөрүлүп берилген.

0
Белгилер:
шектүү, өлүм, милиция, Сокулук району, Чүй облусу
Тема боюнча
Бүгүн таңда Кара-Сууда үй ээсин өлтүрүп, сейфин алып кетишти. Эки шектүүнүн сүрөтү