БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Алыш күрөшү боюнча Азия оюндарынын чемпиону Алтынай Мамарасул кызы апасы Дөөлаткан Каипованын боорун тез арада Индиядан алмаштыруу керектигин айтып, социалдык тармак аркылуу коомчулуктан жардам сурап жатат. Маалыматты спортчу кыз Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине да тастыктады.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Мамарасул кызынын билдиришинче, апасына донор болуп берүүгө өзү белсенүүдө.
"Апамдын диагнозу гепатит Б Д4. Боор оорусу менен мурдатан эле күрөшүп келет, акыркы убакытта ичи шишип, илдет бат эле өтүшүп кетти. Дарыгерлер боорду тез аранын ичинде алмаштыруу керектигин айтышты. Биз Индиядан операция жасаталы деп сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Баш-аягы 40 миң доллардай каражат керектелүүдө. Апама донор болууга өзүм даярмын, дарыгерлер менен талкуулап жатабыз", — деди балбан.
Алтынай Мамарасул кызы — 2017-жылы Ашхабад шаарында өткөн Азия оюндарында алыш күрөшү боюнча алтын медаль алып келген, Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарында (2016, 2018-жж.) II жана III орундарды алган. Эркин күрөш боюнча спорт чебери, алыш күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери.
2018-жылы турмушка чыгып, былтыр кыздуу болгон. Жакында эле спорттук карьерасын улантып жатканын айткан болчу.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +9...+14 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, ал эми Нарын аймагында -1...+4 градуска чейин жылуу болору айтылды.
Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +12...+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, +13...+15 градус жылуу болот.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Жалил Атамбаев кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, ички иштер органдарынын мурунку кызматкери Атамбаевге каршы козголгон бир катар кылмыш иштери боюнча, анын ичинде мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз баюу фактысы тууралуу тергөө иштери жүрүп жатат.
"Ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери болуп саналган Жалил Атамбаев олуттуу финансылык ресурстарга ээ болуп, кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү өзүнүн жакын туугандарынын атына каттатып алган", — деп айтылат маалыматта.
Шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту ("Мыйзамсыз баюу") боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.