Дин жолундагы жигитке ишенип, алданып кала жаздадым. Келиндин каты

© Sputnik / Ильхам Мустафа / Медиабанкка өтүүНамаз окуп жаткан адам. Архив
Намаз окуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына колун сураган адамдын жалган айтканына таңыркап, анын эмне максаты болгонун түшүнө албай жаткан келин кат жазган.
Саламатсыздарбы, мен азыр менин эле эмес көпчүлүк кыз-келиндердин турмушуна кедергисин тийгизип жаткан коомдогу бир көрүнүш боюнча кайрылып жатам. Анда сиздерге түшүнүктүү болушу үчүн башынан айтсам.
Турмуштан жолум болбой, жолдошум экөөбүздүн отубуз күйүшпөй ажырашып кеткенбиз. Өзүм шаардагы кеңселердин биринде иштейм. Мурдараак унаа менен жол кырсыгына кабылып, андан кийин да кыйнала бергендиктен үйдөгүлөрдүн айтуусу менен Кудайга жалынып намаз окуп баштагам. Бирок хиджап кийбейм. Күнүгө багымдат жана куптан намаздарын окуп, жаратканга шүгүр келтирип турам. Ошентип жүрүп эле менин жашоомдо бир жигит пайда болду. Экөөбүз тең турмуш кура элек студент кезде тааныш болчубуз. Кийин көрүшпөй унутушуп деле калганбыз. Арадан он жылдан кийин кайрадан жолугуп калдык. Ал да азыр дин жолуна түшүп, беш маал намаз окуйт экен. Кадимкидей даават айтып, эки сөзүнүн бири эле "шүгүр", "тооба" дегенинен ишенип жүргөм. Курулуш материалдары боюнча чакан бизнеси да бар экен.
Аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2021
Келинимдин уу тилинен заарканып бүттүм. Чүнчүгөн кайнененин каты
Айтымында, аялы менен кайын журту жаман чыгып, жубайынан аябай көңүлү калыптыр. Үйүнө баргысы келбей эле жумушунда түнөп же мейманканаларда жатып жүрдү. Келинчеги менен ортодогу балдары үчүн эле сүйлөшөм дечү. Ошентип сүйлөшүп жүрдүм. Кечкисин видео менен чалууну адатка айлантып алган. Бирок аялы документ түрүндө ажырашууга макулдугун бербей жатканын, бизге жаңы батир алмак болгонун айтып турду. Байкасам, мен да ага көнүп баратам.
Ошентип колумду сурады. Бирок "ата-энемди жибере албайм азыр, алгач мындай эле мечиттен нике кыйдырып жашап туралы. Кийин аялым менен ажырашып анан ата-энемдин алдына алып барам" дегенинен шектене баштадым. Мен да ошол жагына басым жасап "ата-энең келсин" деп туруп алгам. Кызык ошол жерден башталды. Мен "ата-энең келсин же аялыңдын номерин бер" деген сайын өзүнөн-өзү актанып жатып ар кайсы калпы чыгып калып жатты.
Бир күнү орток тааныш адамга жолугуп калып, мени алмакчы болгон адамдын турмушу тууралуу четин чыгарсам, ал оозумду ачырды. Көрсө жигитим аялы экөө ажырашпай эле сонун жашайт экен. Заңгырагын үйү бар, аялына тигүү цехин ачып бериптир. Кайын журту менен деле мамилеси сонун экен. Муну айтсам мойнуна албай койду. Ошондон көп өтпөй эле мурункудай оюн түз эле "балп" эттире албай жүрүп, өзүнөн-өзү менден алыстай берди. Анын бул кадамына эмне себеп болгонун түшүнө албайм. Өзү дин жолундагы адам, турмуш куруу ою болсо баарын ачык айтып, таза кадам менен баштаса болмок. Бир чети алданып калбай, "кудай сактады" деп отурам. Анткени азыр намаз окуган такыбалыгына ишенип, ушинтип машинадан же мечиттен эле нике кыйдырып алып жашап, кийин төрөп алгандан кийин талаада калган кыз-келиндер азыр көп экен. Алар же балдарына алимент ала албай, ортодо калышкан. Кризистик борборлорго ушундай кыз-келиндер көп кайрылат дешет.
Психолог Айгүл Ысыкеева:
Письмо к психологу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2021
Карьера үчүн турмушка чыкпай турсамбы... 25 жаштагы кыздын каты
— Үй-бүлө кура турган адам психологиялык жактан толук кандуу жетилиши керек. Сизге сөз айткан адамдын жүрүм-турумуна анализ жасап көрсөк, ал киши материалдык, финансылык жактан жетишкендиги менен эмоционалдык, психологиялык жактан жетиле электей таасир калтырууда. Анткени жоопкерчилик жок. Өз үй-бүлөсүнүн бекемделишине, анын бакубатчылыгына күч, убакыт жумшабай, сырттан кандайдыр бир жеңил-желпи, кызыктуу көңүл ачуучу эмоцияларды издеп жүргөндөй. Үй-бүлө куруу үчүн эч кандай олуттуу мамиле байкалбайт. Каттын ээси да тиги адамдын жалган айтып жатканын баамдаса да ага ишенгиси келгендей түр менен мамиле жасай берген. Бул эмоционалдык жактан жоопкерчиликтин жоктугуна байланыштуу. Мындай адамдар психологиялык жактан өспүрүм курактагы деңгээлде калгандар.
Ал эми намаз окуса эле чынчыл адам катары кабыл алуу да туура эмес.
Ошондой эле бизде кыз-келиндерге көбүнчө үй-бүлө ичинде катуу тыюу салынчу. "Кайын-журтуңа баш ий", "эркектерге өйдө карап сүйлөбө" өңдүү сөздөр кыздарга көп айтылып келген. Ушундай кысымда чоңойгон кыз кийин эмоционалдык, психологиялык жактан зомбулукка дуушар болсо да чыдап жүрө берет. Мындай тарбияда өскөн айымдар кийин ишенчээк да болуп калышат. Ушинтип жүрүп турмушу да бузулуп калат. Ушундай тагдыр менен кризистик борборлорго кайрылган келин-кыздардын көбүнүн жогорку билими жок.
Эркектин жылуу сөзүнө же намаз окуганына эле ишене бербеши үчүн кыздардын психологиялык жактан сабаттуулугун жогорулатып, өзүнө ишенимин бекемдеп, жылуу сөздөрдү айтып тарбия берүү керек. Эч качан үйдө кыздарга кол көтөрүп же басмырлоо болбошу зарыл. Мына ушунда гана аялзаты турмушта адашпайт, адашса да туура жолду таап кете алышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0