БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Айрым гана учурларда бейтаптар коронавирус менен айлап күрөшөт. Мындай адамдардын организминдеги вирус мутацияланып кетиши мүмкүндүгүн РИА Новостиге врач-инфекционист Евгений Тимаков айтып берди.
"Коронавирус менен 3 айга чейин күрөшкөн бейтаптар бар, бирок андайлар сейрек кездешет. Вирус организмдеги түрдүү тоскоолдуктан өтүп жатып "тирүү" калат дагы, мутацияланып баштайт", — деген Тимаков.
Декабрь айынын орто ченинде Улуу Британияда SARS-CoV-2 деп аталган коронавирустун жаңы мутациясы пайда болгону тастыкталган. COVID-19 жаңы штаммы мурдагыга караганда он эсе ылдам жайылып жатканы да айтылган.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Айдоочулар жаңы автоунаа сатып алууда беш нерсени эске алышы керектигин РИА Новости жазды.
Адистердин айтымында, биринчи кезекте унаа чыгарган компания жана заводдор менен келишими жок иштеген сатуучулардан (дилер) качуу керек. Себеби кийин көйгөйлөр болсо аларды жоопкерчиликке тартууга мүмкүн эмес.
Экинчиден, компанияда токтоп турган жаңы унаалардан албай эле, өзүңүздүн атыңызга буюртма кылып күтө турган оң. Себеби ашыкча эле опцияларга каражат кетиши мүмкүн.Документтерди толтурууда майда-чүйдөсүнө чейин көңүл бурууга чакырды.
Ошондой эле адистер автоунаанын баасы, алып кетүү убактысы жана дилердин жоопкерчилиги тууралуу кенен маалымат алууга кеңеш берген.
Мындан тышкары, автокөлүктү сатып алууда арзандатуулар тууралуу сурап, машинанын алды-артын кылдат текшерүүнү эскертишкен.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Медицина илимдеринин доктору, дарыгер, дерматолог-косметолог Светлана Жабоева теринин эрте картайып кетүүсүн алдын алуу үчүн толук кандуу уйку маанилүү экенин, канча саат, кандай абалда уктоо керектигин айтып берди. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.
Косметологдун айтымында, жаздыктын баары эле жарай берет. Болгону анын бийиктиги ийиндин көлөмүнүн жарымынан кичине болбошу керек. Ал адамдын кандай абалда уктаганы, алсак, чалкасынан, көмкөрөсүнөн, капталынан жатканы да өтө маанилүү экенине токтолгон.
"Ыңгайлуу жатып уктоо абдан маанилүү. Эң башкысы — көмкөрөңөр менен бетти жаздыкка коюп жатпагыла! Эгер моюнда остеохондроз болсо, анда сөзсүз түрдө туура абалда жатууга көңүл буруңуз", — деген адис.
Косметолог сулуулукту сактап, теринин жакшы абалда болушу үчүн уйку дагы маанилүү экенин белгилеген. Эгер уйку канбай калса, анда ал организмдеги зат алмашуу процесстерине таасирин тийгизет. Ошол себептен уйку жети сааттан кем болбошу керектигин айткан.
Дерматолог ошондой эле жатарда суусундукту көп ичпөөнү эскерткен.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Таиландда муай-тай мушкери атаандашын жоон санына катуу тээп нокаутка кетирди. Бангкоктогу мелдеште болгон окуянын видеосу интернетке чыкты.
Robert Sor.Thanabawon get back into the win column with a brutal leg kick KO3 against Saklek Kiatpetdecha. https://t.co/n02VAeMwW5 pic.twitter.com/hbYGwDUp6x
— Phan K.S. (@MTLevG) February 21, 2021
"Президент" каймана аты бар тай бокс чебери Роберт Сор Танабавон беттеште баштан-аяк атаандашына кубаттуу соккуларды уруп, чабуул жасаган. Үчүнчү раунддун орто ченинде анын атаандашы Саклека Киатфетчедыга бир катар соккуларды уруп, жоон санына катуу тепкен. Ал кулап, ордунан тура албай калган. Калыс муну нокаут деп эсептеп, беттешти дароо токтоткон.
Жергиликтүү ЖМКлар бул беттеш эки мушкер үчүн да дебюттук экенин жазышты.