БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Мээ жабыркаганда, D витамини жетишпегенде, организмде магний менен темир көп болгондо адам Паркинсон илдетине кабылышы мүмкүн. Бул тууралуу дарыгер Александр Мясников "Россия 1" телеканалына айтып бергендигин РИА Новости жазды.
Дарыгердин айтымында, Паркинсон илдетин генетикалык кайталануудан башка себептер да жаратат.
"Магний менен темирдин көп болушу жана балачактагы ашыкча салмак да ооруга жетелеши мүмкүн. Адамдын билим деңгээли канчалык өйдө болсо, анын Паркинсон оорусуна чалдыгуу ыктымалдыгы ошончолук көп. Бул интеллектуал адамдардын оорусу", — деген дарыгер.
Адис кофени жакшы көргөндөр да абайлаш керектигин эскерткен. Ал эми илдеттен алыс болуунун бирден-бир жолу ар дайым дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, кыймылда болуп туруу экенин айтып берген.
Буга чейин Sputnik окумуштууларга таянып, жыт билбей калуу Паркинсон оорусунун баштапкы белгиси болушу мүмкүндүгүн жазган.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Башкы прокуратура ишкерлер үчүн күнү-түнү жооп бере турган ишеним телефон номерлерин жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
"Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү" жарлыгын аткаруу максатында ишеним телефону иштеп баштады", — деп айтылат маалыматта.
Эми ишкерлер күнү-түнү (0312) 88-90-33 номерине чала алышат.
Ишеним телефону жеке ишкердик субъектилеринин, чакан бизнестин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсү, ошондой эле менчик ээлеринин укуктарынын бузулуусу боюнча кайрылууларды кабыл алары маалым болду.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Ишембиде күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында -1…-6, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 0…+5, Ысык-Көлдө -2…+3, Нарын өрөөнүндө -4…-9 градус болору болжолдонду.
Күндүн табы Бишкекте -3…-5, Ош шаарында 0…+2 градус болот.