Бишкектин четиндеги чакан сулуулук салонунун ээси Роза Бегалиева

Оор сыноодон өттүм, бирок моюн сунбадым! Бишкектик Розанын дем берчү баяны

810
(жаңыланган 23:33 07.02.2021)
Роза — Бишкектин четиндеги чакан сулуулук салонунун ээси. Сулуулук жаатында жөндөмүн өрчүтүп, борбор калаанын ортосуна студия ачууну самайт.

Мындан туура жыйырма жыл мурун Роза Бегалиеваны машина коюп кеткен. Дарыгерлер аны ажалдын оозунан сууруп алгандай эле болгон, бирок бир айдан кийин таптакыр кадам шилтей албасын угузушкан...

Кырсыкка мени күнөөлүү деп табышкан

Каргашалуу кырсык 2000-жылы коңшу Казакстандын Тараз шаарында болгон. Ал убакта Роза жергиликтүү базарда иштеп жүргөн. Бир күнү базардан анча алыс эмес жерде жолдун наркы бетине өтүп бара жатып, машинага урунган. Розанын айтымында, айдоочу мас экен. 

Владелица салона красоты Роза Бегалиева
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Роза — Бишкектин четиндеги чакан сулуулук салонунун ээси
"Кийин эсиме келгенде машинаны мас киши айдап баратканын айтышты. Бирок ал жазасын алган жок, керек болсо мени ошол жол кырсыгына айыптуу деп табышкан. Тергөө "жолдон туура эмес жерден өткөнсүң" деп чечкен. Ал убакта чындыкты издеп, айдоочунун жазаланышына чара көрүүгө күчүм да, мүмкүнчүлүгүм да жок эле. Өмүрүм кыл учунда турган, анан да бөлөк өлкөдө таптакыр жалгыз элем", — деп эскерет Роза.

Айтымында, ооруканада жатканында бейтааныш бир киши келип, акыбалын сурап турчу экен. "Мени коюп кеткен айдоочу деп айтышты. Негизи эле окуя абдан чиеленишкен. Мага башында рулда улгайып калган кайсы бир чиновник экенин айтышты эле. Ал эми ооруканага келген киши сүрөттөгөндөрү боюнча таптакыр ага окшошчу эмес", — деп түшүндүрөт Роза.

"Жаңы жашоого көнүңүз, эч качан баса албайсыз"

Кырсыктан көп өтпөй казакстандык клиниканын врачтары операция жасашат, жол кырсыгынан абдан катуу жаракат алгандыктан ички органдарынын бир бөлүгүн алып салууга туура келет. 

"Эсиме келип буттарымды сезбей калганымды түшүндүм... Дарыгерлер омуртка да катуу жабыркаганынан шектенип, ата-энем мени Бишкекке алып келишти. Бул жакта омурткага операция жасашты, бирок жыйынтык болгон жок. Коляскага байланып калдым", — деп эскерет Роза айым.

Ооруканадан чыккандан кийин Роза баарын баштан үйрөнүүгө аргасыз болгон: денесинин өйдөңкү бөлүгү чабал, ал эми ылдыйкы бөлүгү таптакыр кыймылсыз эле.

"Дарыгерлер мага жаңы, анчалык жарык эмес жашоого көнүшүм керектигин айтып, эч качан баса албай турганымды угузушту. Боору ооруп карашты, анткени бизде коляскачандарга эч кандай шарттын жоктугу түшүнүктүү эмеспи.

"Ачыгын айтсам, көнүш кыйын болду, андай кырдаалда калгандар мындай сыноону оор кабылдашат. Дагы менин бактым бар экен, депрессияга алдырууга жол бербеген үй-бүлөм жанымда эле. Эч нерсеге карабай кадыресе турмуш кечирүүмө апам аябай күч жумшады", — дейт Роза.

Калыптануу жана жеке иштин башаты

Розанын апасы түймө түйчү, кызына да үйрөтүп коет. Кырсыктан бир нече жылдан кийин Роза түймөгө буюртма алып, кийим тигүүгө да киришкен. 

"Мындан сырткары, мендей абалга кабылган кыздарга да үйрөтчүмүн. Бирок түймө менен тигүүчүлүктөн көздүн көрүүсү начарлай баштады. Жаңы бир нерсени үйрөнүшүм керектигин түшүндүм. "Теңдик" ("Равенство") уюмунда визажисттик, маникюр жана каш жасоону үйрөндүм, ошондон бери ушул багытта жүрөм", — дейт каарманыбыз.

Роза сулуулук салонуна жумушка киргиси келген, бирок иш таба албай койгон. Кийин шериги менен кыдырып кызмат көрсөтө башташкан. Кесиптеши чач жасалгалап, Роза маникюр жасачу.

"Шаар ичинде жүрүү аябай күч келтирет, анан да кымбат. Тапканың таксиге эле кетет. Бир курбубуз башымдан өткөргөндөрүмдү социалдык медиага жазды. Ошондон кийин шеригим экөөбүзгө бир жай беришти. Ишке уруксат алуу үчүн укмуштай бюрократиялык тозоктон да өттүк. Баарын расмий түрдө, мыйзам чегинде кылалы десек болбоду, ошондо башкаларды ортого салууга туура келди. Эгер жалгыз болсок, колубуздан келер беле, билбейм", — дейт Роза.

Владелица салона красоты Роза Бегалиева
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Ал сулуулук жаатында жөндөмүн өрчүтүп, борбор калаанын ортосуна студия ачууну самайт

Быйыл жаңы орунга ижарага чыкты. Салон Кара-Жыгач конушундагы үйүнөн анча ыраак эмес. Роза салонуна жакын эле жерде жашайт.

"Азыр жол киреге акча коротпойм. Үй, кеңсе ижараладым, баары жакын. Бул абдан ыңгайлуу экен. Кардарым таңда жасангысы келсе, мен жумушка чейин он мүнөттө жетип калам. Айрыкча жаңы жылдын алдында кардарлар көп болду, таңкы саат 8ден тарта түндүн бир оокумуна дейре кыздардын аягы үзүлбөдү. Биздин көчөдө 6 сулуулук салону иштейт, ал эми кардарлар мага келишет. Албетте, мен кубануу менен кабыл алам", — дейт сулуулук чебери.

Айтымында, маникюр менен макияж орточо 800 сомго жасалат. Эмнеге шаардын ортосуна жакын салондордогу баалардан айырмаланарын мындайча түшүндүрдү: "Салондордун көпчүлүгүндө биздикине караганда шарт жакшы түзүлгөн. Анан да биз борбордон алыс турабыз, өтүмдүүлүк алда канча аз. Андыктан бааны асмандатуунун зарылдыгы жок. Шаардын ортосунда иштегим келет, бирок азырынча мүмкүнчүлүк жок экенин түшүнөм. Бишкектин борборунда ижара акысы — 600-800 доллар, ал эми бул жерде мен 7 500 сом төлөйм", — дейт ал.

Тозокту баштан өткөргөнүмдү айтышат

Сулуулук салонду таанытуу үчүн Роза Instagram баракчасын ачкан. Эмгектерин жарыялап, мындай жыйынтыкка жетүү үчүн кандай сыноолордон өткөнү туурасында баяндап турат.

"Өз салонуңду ачуу, мейли чакан болсун, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды айтпаганда деле ар бир кишинин колунан келе бербейт. Мен ачтым, билгенимди да бөлүшүп, макияж боюнча сабак да берип келем. Дагы өсүшүм керектигин билем, токтоп калгым келбейт. Бул чөйрө көңүлүмө төп. Албетте, Бишкектин заңгыраган салонунда иштөөгө эмне жетсин, бирок азырынча ага чама-чаркым чак эмес. Менимче, аракет кыла берсек, эң кол жеткис деген кыялдарды орундатууга болот!" — деген пикирин бөлүшөт сулуулук чебери.

Ошентип жакында эле Роза апасыныкынан өзүнчө үйгө бөлүндү. Бул чечимди кабыл алуу оңой-олтоң болбогонун айтат өзү. 

Владелица салона красоты Роза Бегалиева у своего салона
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Мындан туура жыйырма жыл мурун Роза Бегалиеваны машина коюп кеткен

"47 жаштамын, өзүнчө жашоого убакыт келди (күлүп). Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын турмушу татаалыраак, бирок жашоо аны менен бүтүп калбайт. Менин жолум буга таасын үлгү. Оңой эмес, акчанын көбү дары-дармекке кетет. Аларды өмүр бою ичип турушум керек, батир ижарасы да көп чыгат. Булар менен катар эле бир нерсе болсо, мага эч ким жардам бербей турганын билем. Бирок ушул нерселер өзүнчө жашап кетүүмө бөгөт эмес! Мунун кызыгы ушунда. Апам, албетте, мени кое бергиси келген жок, бирок кийин баарын түшүнүп, макул болду. Көпчүлүккө тозокту баштан кечиргенимдей сезилет. Ооба, чындап эле жеңил болгон жок, бирок мен жашап келе жатам. Азыр, көп жыл өткөндөн кийин, ошол кырсыкка чейин түтүн булатпаганыма өкүнөм, эми эне болуу бактысынан ажырагам. Бирок менин досторум, өзүм жүк болбогон үй-бүлөм жанымда, гүл сунуп, баалап турган мырзам бар", — дейт каарманыбыз.

Роза ушундай тагдырына карабай өзү ак эмгеги менен жанын багат. Жакындан тарта кыздарга боенуу боюнча курс ачкан, ошондой эле каалоочуларга түймө түйүүнү да үйрөтүп келет.

810
Белгилер:
чебер, сулуулук салону, үй-бүлө, коляска, оорукана, кырсык, майып
Тема боюнча
"Караколдо" лыжадан көз жумган казакстандык баланын апасы: жүрөгүм тилинип турат...
КРде былтыр майып болуп калгандардын 95 пайызы ишке жарактуу курактагылар
Медициналык кызматкер шприцке COVID-19 каршы вакцинаны алып жатат. Архив

Ашказан-ичеги оорусу барлар вакцина алса болобу? Адистин жообу

40
(жаңыланган 23:14 07.03.2021)
Буга чейин ашказан, тамак сиңирүү органдары ооругандар эмдөөдөн өтсө болобу деген маселе коомчулукта кайра-кайра көтөрүлгөн.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Ашказан, ичеги-карын оорулары менен жабыркаган адамдар коронавируска каршы вакцина ала алышат. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Москванын Саламаттык сактоо департаментинин штаттан тышкаркы башкы гастроэнтеролог адиси Дмитрий Бординдин айтымында, тамак сиңирүүсү начар бейтаптар SARS-CoV-2ге каршы эмдөөдөн өтө алат.

"Буга чейин ичегиси сезгенип, ашказаны ооругандар эмдөөдөн өтсө болобу деген маселе коомчулукта кайра-кайра көтөрүлгөн. Январь айында ал боюнча эл аралык сунуштама чыкты, февралда аталган илдет боюнча иш алып барган бүткүл россиялык коом да бир пикирге келди. Ичеги-карыны жакшы иштебегендер коронавируска каршы вакцина алышы керек", — деди Бордин.

Буга чейин адистер эмдөөнүн кыйыр таасири туурасында кеп кылып, анын иммунитеттен көз каранды эместигин айтышкан эле.

40
Белгилер:
кеңеш, дарыгер, эмдөө, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
ДССУ башчысы коронавирус пандемиясын согуш менен салыштырды
"Спутник V" Pfizer вакцинасын озду. Аны дүйнөдө 45 мамлекет жактырды
Окумуштуу: эмдөө карылыкты токтотууга жардам берет
Жоогазындар. Архив

8-мартка карата аба ырайы

72
7-марттан 9-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунун жолдоруна кар көчкү түшүп, күрткү пайда болушу мүмкүн.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. 8-мартка караган түнү өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында кар жаайт. Дыйканчылык өрөөндөрдө жаан-чачындын болушу болжолдонгон жок. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурсы Чүй облусунда +10...+15, Таласта +9...+14, Ош, Жалал-Абад жана Баткен жергесинде +12...+17, Ысык-Көлдө +6...+11, Нарын аймагында +4...+9 градус болору айтылды.

Синоптиктер Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, борбор калаада термометр +10...+12, ал эми экинчи борбор Ошто +15...+17 градусту көрсөтүп турарын билдиришти.

72
Белгилер:
Кыргызстан, март, аба ырайы
Тема боюнча
Автоунаа ээлери, абайлагыла. Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү
Жеңил атлетчилер марафон учурунда. Архив

Кыргызстандык жеңил атлетчилер Беларуста бир нече медаль алышты

0
(жаңыланган 00:16 08.03.2021)
Аталган спорттук иш-чарада кыргызстандык спортчулар баш-аягы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медаль алышты.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, үч коло медаль тагынды. Бул тууралуу КРдин Жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.

Кыргызстанские легкоатлеты во время соревнований в Беларуси
© Фото / пресс-служба федерации легкая атлетика КР
Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, үч коло медаль тагынды

Маалыматка ылайык, Минск шаарындагы мелдеште узундукка секирүү боюнча Светлана Майер биринчи орунга жетип алтын медалга татыган. Анастасия Бондаренко 200 жана 60 метрге чуркап коло менен күмүш медаль алса, ал эми Артем Слесаренко 60 метрге чуркап коло медалга ээ болгон.

Дагы бир жөө күлүк Калыс Таштанов 1500 метр аралыкта марага биринчи жетип алтын, 800 метр аралыкта үчүнчү келип коло медалды байге куржунуна салган.

Аталган спорттук иш-чарада кыргызстандык спортчулар жалпы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медаль алышты. 

0
Белгилер:
медаль, мелдеш, жеңил атлетика, Беларусь
Тема боюнча
Надыров: Ысык-Көл марафонунун байге фонду 1 млн. 44 миң сомду түзөт
ШКУнун эл аралык марафону 15-майда Чолпон-Ата шаарында старт алат