БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 79 кишиден табылып, 93 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлады.
Кечээтен бери Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында бир дагы адамдан коронавирус аныкталган эмес.
Жуктургандар:
Ушуну менен өлкө боюнча коронавирус жуктургандардын саны 81 635ке жетти.
Айыккандар:
Айыккандардын жалпы саны 81 635 болду.
Өткөн суткада коронавирус үч адамдын өмүрүн алган. Анын экөө Ысык-Көл облусунан болсо, бирөө Бишкекте көз жумган.Коронавирустун курмандыгы болгондордун саны 1 426га жетти.
Учурда стационарларда 462 бейтап дарыланып жатат. Алардын ичинен 115инин абалы оор болсо, 33 бейтаптыкы өтө оор деп бааланды. Бүгүнкү күндө 609 бейтаптын амбулатордук шартта дарыланып жатканы маалым болду.
Бир сутка ичинде эки медиктен коронавирус табылган, анын бирөө ооруну кызыл зонадан жуктурганы айтылды.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Американын Иллинойс штатынын тургундары Facebook компаниясы адамдын жүзүн таануу технологиясын колдонгондугу үчүн сотко берип 650 миллион доллар төлөттүрүп алды. Бул тууралуу Chicago Tribune гезити жазды.
2015-жылы штаттын жашоочулары Facebook компаниясына каршы доо арыз жазышкан. Анда тургундар компанияны биометрикалык маалымат чогултуу үчүн адамды жүзүнөн таануу технологияларын колдонууда мыйзам бузган деп айыпташкан. Facebook талашты жөнгө салуу үчүн 650 миллион доллар сунуштаган, андан мурда компания 550 миллион берерин айткан. Бирок Сан-Францисконун аймактык соту бул сумманын жетиштүү экенинен күмөн санаган.
Маалыматта Facebook мындан ары жүздү таануу автоматтык технологиясын колдонбой турганы белгиленди. Компания колдонуучулар буга чейин деле жүздү таануу функциясын колдонуу же колдонбоону өздөрү чечип келгенин, бирок эми ал кызмат өчүк болорун, каалоочулар баракчанын тескөө бөлүмүнөн иштетип алса болорун айтышты.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. УКМК өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абдраимовго таандык партия жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышып жатканын сындады.
Атайын кызмат шайлоо процесстери ачык жана коопсуз өтүшүн камсыздоого, бийлик тарабынан административдик ресурстун колдонулушуна бөгөт коюуга өзгөчө көңүл бура турганын белгиледи.
"Деген менен өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абдраимовдун "Ишеним" саясий партиясынын жергиликтүү кеңештерге шайлоого аттанып жатканы тынчсыздандырат. Ал партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири катары катталган. УКМК дал ушул сыяктуу административдик ресурс колдонуу, шайлоонун таза эмес өтүшү 2020-жылдагы октябрь окуяларынын негизги себеби болгон деп эсептейт", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле УКМК бардык саясий күчтөргө шайлоо мыйзамдарын так сактоону эскертип, эгер жаза басуулар болсо, белгиленген тартипте чара көрүлөрүн билдирди.
Билими:
Эмгек жолу:
Чыгармалары:
Үй-бүлөсү: