Түнкү Бишкектин көрүнүшү. Архивдик сүрөт

Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө жарык өчөт. График

204
(жаңыланган 20:54 07.02.2021)
Бул күнү трансформатордук көмөк чордондордо техникалык жактан тейлөө, оңдоо иштери жүргүзүлө турганы маалым болду.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Эртең, 8-февралда, Бишкектин бир катар райондорунда жана көчөлөрүндө жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын сайтында жазылган.

Бул күнү трансформатордук көмөк чордондордо техникалык жактан тейлөө, оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Бакай-Ата жаңы конушу (Эрмек, Байзак, Бакай-Ата, Нооруз көчөлөрү), ошондой эле 8-кичи райондогу №38 үй;
  • 9:30дан 12:00гө чейин — Чайковский, Керимбеков, Каховская, Тойгонбаев, Черноморская, Маймак көчөлөрү жана Кузбасский кууш жолу;
  • 9:30дан 14:00гө чейин — Ленинградская, Дзержинский, Магаданская, Фрунзе, Огонбаев көчөлөрү жана мурдагы Алматы көчөсүнүн бир бөлүгү;
  • 9:30дан 17:00гө чейин — Скрябин, Волокаламская, Бах, Боз-Бөлтөк, Подольская, Выставочная көчөлөрү жана Найманбаев кууш жолу. Мындан сырткары, Ынтымак, Ала-Арча, Арча-Бешик конуштары, Чоң-Арык айылы жана 5-кичи райондогу №9,41,47-50 үйлөрү;
  • 9:30дан 18:00гө чейин — Ак-Босого жаңы конушу (Чүй 20, Чүй 21, Чүй 22, Чүй 23 көчөсү);
  • 10:00дөн 17:00гө чейин — Широкая жана Новосельская көчөлөрү;
  • 11:30дан 14:30га чейин — 7-кичи району, № 44-49 үйлөрү;
  • 12:00дөн 17:00гө чейин — Арча-Бешик конушу (Сасыралиев, Торгой, Северная көчөлөрү);
  • 13:00дөн 17:00гө чейин — Исанов, Чуйков, Бөкөнбаев, Керимбеков, Гоголь, Огонбаев, Куйбышев, Правда көчөлөрү, Аламүдүн-1 кичи району, (№ 56-58, 91, 94, 95 үйлөрү) жана Мурас-Ордо жаңы конушу.
  • 15:00дөн 18:00гө чейин — Киргизия-1 конушу, Улан көчөсү.
204
Белгилер:
оңдоо, электр жарыгы, район, көчө, Бишкек
Тема боюнча
Өкмөт электр энергиясына болгон тарифти өзгөртүү ниетин билдирди
Бишкек — Ош жолундагы Төө Ашуусу. Архивдик сүрөт

Эскертүү! Бүгүн кечинде Бишкек Ош жолу дагы жабылат

43
(жаңыланган 18:02 25.02.2021)
Жеңил машиналардын да, жүк ташуучу автоунаалардын да "Сосновка" жана "Арал" постторунан өтүүсүнө тыюу салынат.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кар көчкү түшүү коркунучунан улам бүгүн кечинде Бишкек — Ош жолу толугу менен жабылат. Бул тууралуу Транспорт, архитектура жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-февралда, саат 22:00дөн таңкы саат 6:00гө чейин чектөө киргизилет. Бул аралыкта жеңил машиналардын да, жүк ташуучу автоунаалардын да түндүк тарабынан "Сосновка", түштүк жагынан "Арал" постунан өтүүсүнө тыюу салынат.

Транспорт министрлиги катаал аба ырайы, кар көчкү түшүү коркунучу жаралып жаткандыктан узак жолго чыкпай турууга чакырат.

Белгилей кетсек, кечээ дагы Бишкек — Ош жолу жабылып, таңкы саат 6:00дө жеңил автоунаалардын каттамына уруксат берилген.

43
Белгилер:
автоунаа, чектөө, жол, унаа, көчкү
Тема боюнча
Көчкү түшүп, Бишкек — Ош жолу убактылуу жабылды
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков. Архив

Сазыков: учурда 230 миңден ашуун адам салыкты онлайт төлөп жатат

23
(жаңыланган 16:26 25.02.2021)
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков бирдиктүү салык декларациясын юридикалык жактар 1-мартка чейин тапшырышы зарыл деди.

Салык төлөөдөгү, декларация толтуруудагы электрондук кызматтарды онлайн колдонуу ыңгайлуу жана акысыз. Бул тууралуу Эркин Сазыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Сазыков: учурда 230 миңден ашуун адам салыкты онлайт төлөп жатат

Анын айтымында, быйыл жеке жактар салык декларациясын 2019-2020-жылдарга тапшырат.

"Азыркы убакта 230 миңден ашык салык төлөөчү электрондук форматка өткөн. Бул жарандардын өзү үчүн эле ыңгайлуу болот. Биринчиден, убактысы үнөмдөлөт жана 24 саат ичинде өзү каалаган учурда кызматтан пайдалануу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Экинчиден, азыркы эпидемиологиялык абалда коопсуздукту камсыздайт. Ошондой эле бул таптакыр акысыз көрсөтүлүүчү кызмат. Анан да анда электрондук эсептегичтер болуп, программа өзү жардам берет. Электрондук кызматтардан колдонуу үчүн болгону бир ирет тиешелүү мекемеге келип, логин алып, сыр сөзүн бекитип, https://salyk.kg/ сайтынан жеке кабинетке ээ болот", — деди Сазыков.

Ал жеке жактар бирдиктүү салык декларациясын 1-апрелге чейин тапшыруу зарылдыгын кошумчалады.

23
Белгилер:
онлайн, салык, декларация, Эркин Сазыков
Тема боюнча
Бирдиктүү салык декларациясы түн ортосуна чейин кабыл алына баштады
Президент Садыр Жапаров Москвада Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар койду

Садыр Жапаров Москвада белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар койду. Сүрөт

0
(жаңыланган 19:37 25.02.2021)
Делегация Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго бир мүнөт эскерүү менен таазим кылып, андан соң оркестр Кыргызстандын гимнин жаңыртты.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, Россия Федерациясына болгон эки күндүк иш сапарын жыйынтыктап, Кремль дубалынын жанындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

  • Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, Россия Федерациясына болгон эки күндүк иш сапарын жыйынтыктап, Кремль дубалынын жанындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар койду
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго 1 мүнөт эскерүү менен таазим кылып, андан соң оркестр Кыргызстандын гимнин жаңыртты
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Делегация мүчөлөрү дагы белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүл коюшту
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясына болгон эки күндүк иш сапарын жыйынтыктап, Москва шаарындагы Кремль дубалынын алдындагы Белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар койду
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясына болгон эки күндүк иш сапарын жыйынтыктап, Москва шаарындагы Кремль дубалынын алдындагы Белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар койду
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясына болгон эки күндүк иш сапарын жыйынтыктап, Москва шаарындагы Кремль дубалынын алдындагы Белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар койду
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 7
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, Россия Федерациясына болгон эки күндүк иш сапарын жыйынтыктап, Кремль дубалынын жанындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар койду

Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго 1 мүнөт эскерүү менен таазим кылып, андан соң оркестр Кыргызстандын гимнин жаңыртты.

Делегация мүчөлөрү дагы белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүл коюшту.

0
Белгилер:
сүрөт, мүрзө, жоокер, Россия, Садыр Жапаров
Тема:
Садыр Жапаровдун Россияга сапары
Тема боюнча
Кыргызстан президенти менен Россия өкмөтүнүн төрагасы Москвада эмнени талкуулады
АКШ Кыргызстандан үйрөнсүн. Мамдума төрагасы Жапаров менен жолуккан видео