Баланы 1-класска электрондук каттоодон өткөрүү. Видео түшүндүрмө

© Sputnik / Табылды КадырбековНачало учебного года для первоклассников в Бишкеке
Начало учебного года для первоклассников в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2021
Жазылуу
Эгер ата-энелерде түшүнбөгөн суроолор жаралса, 0312 54 30 24, 0706 12 22 11, 0776 12 22 114, 0556 12 22 11 номерлерине чалса болот.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги Facebook баракчасына баланы 1-класска электрондук каттоодон кантип өткөрүү керектигин түшүндүргөн видео жарыялады.
Белгилей кетсек, 15-февралдан тарта Бишкектин мектептеринде электрондук каттоо башталат. Ушул эле долбоор февралдын ортосунда Ош, Кара-Балта, Кызыл-Кыя, Жалал-Абад шаарларында да башталып, 15-августка чейин уланат.
1-класстын окуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2021
1-класска барчу баланы электрондук каттоодон кантип өткөрүү керек? 8 эреже
 Видеодо көрсөтүлгөндөй, электрондук каттоодон өтүү үчүн www.mektep.edu.gov.kg сайтына кирүү керек. Ал жактан тиешелүү бөлүмдөргө кирип, бош талааларды толтурган соң ата-эненин паспорту, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана жашаган жеринен маалым каттын көчүрмөсү тиркелиши шарт.
Эгер ата-энелерде түшүнбөгөн суроолор жаралса, 0312 54 30 24, 0706 12 22 11, 0776 12 22 114, 0556 12 22 11 номерлерине чалса болот.
Министрлик баланы эртерээк электрондук каттоодон өткөрбөсө, мектептерде бош орун калбай калышы ыктымал экенин эскерткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0