БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. COVID-19га каршы сайылган вакцина тукумсуздукка алып келбейт. Бул туурасында ДССУнун (Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун) Иммунизациялоо жана вакцина боюнча департаментинин директору Кейт О`Брайен билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биз сунуштап жаткан препараттар тукумсуздукка алып келбейт. Бул болгону ар кыл вакциналар боюнча тараган имиштер, ал чын эмес. Адамды тукумсуз кылып сала турган вакцина жок", — деген О`Брайен журналисттердин бул жаатта берген суроосуна жооп узатып жатып.
Анын айтымында, жаңы вакцина адамдын ДНКсын өзгөртүп жиберет деген нерсе да туура эмес.
"Бизде азыр mРНК негизиндеги эки вакцина бар, мындай препараттар эч качан ДНК боло албайт жана адамдын ДНК клеткасын өзгөртө албайт. mРНК препараттары денеге протеиндерди иштеп чыгуу зарылдыгын эскерткич болуп саналат", — деп билдирди эксперт.О`Брайен mРНК негизинде жасалган вакцина вирусту дарылоонун жаңы ыкмасы экендигин айтты. Анда адамдын организми дарт менен күрөшүү үчүн зарыл болгон белокту өзү иштеп чыгарат.
Кичинекей жаныбар вольердин ичиндеги ар бир буюмду кызыгуу менен карап, "жакындан таанышып" жатканы сырттан караган адамды эрксизден жылмайтпай койбойт.
Мамалак биринчи саякатында айнекти, жерге төшөлгөн таш таманды (брусчатканы) да жыттап, аны "изилдеп" чыккан.
Ростов-на-Дону шаарындагы зоопарктын кызматкерлери аюу баласын өзү каалаган учурда гана эшикке сейилдетип алып чыга тургандыгын кошумчалашкан.
Сүйкүмдүү бул мамалак былтыркы жылы декабрь айында 500 грамм салмак менен туулган.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Организмде витамин аз болгонго караганда көп болгону коркунучтуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы ден соолукту бекемдөө борборунун туура тамактануу боюнча адиси, диетолог Марина Дүйшөнкулова Sputnik Кыргызстан агенттигине маек берип жатып айтты.
Адис белгилегендей, витаминдерди, биологиялык активдүү кошулмаларды дарыгер менен кеңешип ичүү керек.
"Биологиялык активдүү кошулмалар (БАД), анын ичинде витаминдер өлкөгө эч көзөмөл жок кирип жатат, түрлөрү да өтө көп. Алар кайсы өлкөдөн, кандай жасалып келип жатканы боюнча элдин маалыматы аз. Сапатын билбейбиз. Буларды деле каалагандай иче бербей дарыгер менен кеңешүү зарыл. Анткени бир витамин экинчи витамин менен организмде туура келбей, бири-бирин "тээп", сиңбей калышы мүмкүн. Ошол себептен жөн эле боорго күч келтире бербей аны дарыгерден сурап туруп ичүү шарт. Организмде витамин аз болгонго караганда көп болгону коркунучтуу. Витаминдин өтө көп болгону организмге терс таасирин тийгизет", — деди Дүйшөнкулова.
Диетолог колдон келсе витаминди табигый таза азыктардан алууну сунуштаган.
"Жашылча-жемишке эч нерсе жетпейт. Жайында аларды көп жеген жакшы. Азыр кышында деле баары сатылып калбадыбы. Алардын таасири, пайдасы бөтөлкөдөгү витаминдерден жүз эсе натыйжалуу", — деди адис.Дүйшөнкулова арыктата турган "сыйкырдуу" таблеткалардан да оолак болууга чакырып кеткен.
Диеотолог менен туура тамактануу боюнча маекти Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуй аласыздар.