БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Бишкек мэриясынын турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэри Жамалбек Ырсалиев люктун капкактарын уурдап кетип жаткандарга кайрылып, алардын кесепетинен көйгөйлөр жаралып жатканын айтты.
Акыркы учурда ордо калаада люктун капкагы менен жаандын суусун өткөргөн жердеги торчолор жоголуп жатканы байкалууда. Мындай арыздануулар шаардын ар кайсы жеринен түшүп жатат.
"Уурулар тажатты. Люктар менен арыктардын үстүндөгү жабылган капкактарды тынбай уурдап жатышат. Айлабыз кеткенде ширетип отурабыз. Жамгыр жааганда арыктын ичине ыргытылган таштандылар толуп, жолго суу атырылып агат. Анан шашылышта сварканы сүйрөп чуркамай. Жабдык чөнтөккө батпайт же колго көтөрүп алганга жеңил эмес", — деди мэрдин орун басары.
Ошондой эле Ырсалиев уурулар элдин убалына калып жатканын айтты.
"Айланайын уурулар! Кудай силерге ыйман берсин. Ушул люктар менен темир торду уурдап торго түшүп, элдин каргышына, үй-бүлөңөрдүн убалына калбагылачы. Силер уурдап кеткенден кийин люктарга кишилер, жолдогу арыкка машиналар түшүп жатат. Жалпак тил менен айтканда, акмак болуп элдин да убалына калбагылачы", — деди вице-мэр.
Ошондой эле Ырсалиев темир алгандарга капкак өткөргөндөрдү кармоого жардам берүүнү өтүнгөн.
Ал шаардык милициянын башчысы Канат Жумагазиев мындай уурулар менен күрөшүү үчүн райондун начальниктери менен жыйын өткөрөрүн айтканын кошумчалаган."Буюрса, жакшы жыйынтык күтүп отурам. Баарылап капкак уурдагандар менен күрөшөлү, достор. Ачылып калган аңды эле эмес, уурдап бараткан адамды же сатып алып жаткандарды да социалдык тармактарга чыгаралы", — деген Ырсалиев.
2019-жылы Бишкекте жаңы оңдолгон жолдорго орнотулган 800 люк жана темир торчо уурдалганы белгилүү болгон.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Американын Иллинойс штатынын тургундары Facebook компаниясы адамдын жүзүн таануу технологиясын колдонгондугу үчүн сотко берип 650 миллион доллар төлөттүрүп алды. Бул тууралуу Chicago Tribune гезити жазды.
2015-жылы штаттын жашоочулары Facebook компаниясына каршы доо арыз жазышкан. Анда тургундар компанияны биометрикалык маалымат чогултуу үчүн адамды жүзүнөн таануу технологияларын колдонууда мыйзам бузган деп айыпташкан. Facebook талашты жөнгө салуу үчүн 650 миллион доллар сунуштаган, андан мурда компания 550 миллион берерин айткан. Бирок Сан-Францисконун аймактык соту бул сумманын жетиштүү экенинен күмөн санаган.
Маалыматта Facebook мындан ары жүздү таануу автоматтык технологиясын колдонбой турганы белгиленди. Компания колдонуучулар буга чейин деле жүздү таануу функциясын колдонуу же колдонбоону өздөрү чечип келгенин, бирок эми ал кызмат өчүк болорун, каалоочулар баракчанын тескөө бөлүмүнөн иштетип алса болорун айтышты.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. УКМК өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абдраимовго таандык партия жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышып жатканын сындады.
Атайын кызмат шайлоо процесстери ачык жана коопсуз өтүшүн камсыздоого, бийлик тарабынан административдик ресурстун колдонулушуна бөгөт коюуга өзгөчө көңүл бура турганын белгиледи.
"Деген менен өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абдраимовдун "Ишеним" саясий партиясынын жергиликтүү кеңештерге шайлоого аттанып жатканы тынчсыздандырат. Ал партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири катары катталган. УКМК дал ушул сыяктуу административдик ресурс колдонуу, шайлоонун таза эмес өтүшү 2020-жылдагы октябрь окуяларынын негизги себеби болгон деп эсептейт", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле УКМК бардык саясий күчтөргө шайлоо мыйзамдарын так сактоону эскертип, эгер жаза басуулар болсо, белгиленген тартипте чара көрүлөрүн билдирди.
Жолдоштук беттеш Түркиянын Белек аймагындагы машыгуу базасында өткөн.
Калыстар оюнду токтотууга аргасыз болушкан. Эсеп 1:1 болчу.
Кийинчерээк "Окжетпес" клубу бул ички чемпионатка карата даярдык иретинде өткөрүлгөн беттеш экенин билдирген.
"Матч бейрасмий экенине карабай орой жана кооптуу өттү. Мындай оюндан кийин жаракат алган оюнчу футболго жараксыз болуп калышы да толук мүмкүн. Беттеш токтотулуп, командалар тарап кетти", — деген казакстандык команда.
Өз кезегинде "Верестин" башкы машыктыруучусу Юрий Вирт мындай чырдын чыкканына казакстандыктардын ашкере орой ойногону себеп болгонун айтты.